Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Ирактын мурдагы вице-премьери Тарык Азиз колго түштү


Муну бүгүн коалициялык күчтөрдүн Катардагы башкы штабында тастыкташты. Америкалык командачылык ырастагандай, Тарык Азиз өз ыктыяры менен колго түшүп берди. Азыр ал Багдадда сурак берип жатат,коалициялык күчтөр андан баарыдан мурда Саддам Хусейнге байланыштуу маалымат алууну көздөп жатышат. Тарык Азиз мурдагы ирак жетекчилигинин кеңири белгилүү мүчөлөрүнүн бири. Ал коалициялык күчтөр активдүү издеп жаткан элүү беш адамдын тизмесинде кырк үчүнчү орунда турган. Анын колго түшкөнүн бүгүн Лондондо британ тышкы иштер министри Жек Стро жакшы жаңылык деп баалады. Тарык Азизден, туткунга алынган башка да мурдагы ырасмий өкүлдөрдөн, Стронун айтымында,Багдаддагы режимге байланышкан маанилүү маалыматтарды алганга болот. Стро Иракта ушу күнгө чейин массалык кыргын куралдары табылгандыгы уруштун адилетсиздигин же болбосо коалиция Саддам Хусейндин коркунучун ашкере баалап алгандыгын билдирбейт, деп ырастады. Соңку кабарлар боюнча, Сирияга чектеш райондо Ирактын мурдагы тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Фарук ал-Хижази кармалды.

XS
SM
MD
LG