КАРАКОЛ. Облустук мамлекеттик администрация тарабынан Ысыккөлдүн негизги байлыгы болгон баалуу балыктарды тор менен кармоого тыюу салынса да, браконьерлердин аягы тыйыла элек. Маселен, Түп куймасынан 5 даана, ал эми 39-участоктон браконьерлердин 23 даана тору, 2 резина кайыгы Мамлекеттик көзөмөл кызматы менен бирдикте жүргүзүлгөн рейддик комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кармалып, акт түзүлдү. Браконьерлердин торуна түшкөн балыктар Аксуудагы жетим балдардын жатак мектебине берилди.