БИШКЕК. Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда Ички иштер министрлигинин жаш кызматкерлеринин «Келечек» аттуу уюмунун жыйыны болуп, ага 800дөй жаш милиция кызматкерлери катышты. Жыйында президент Аскар Акаев сөз сүйлөп, «Кыргызстан - адам укугун урматтаган өлкө» деген идеяны аткарууда Ички иштер министрлигинин ролу өзгөчө экендигин белгилеп, ИИМди реформалоо маселесине токтолду. Президенттин айтымында, ИИМди реформалоого Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму кол кабыш кылып, 3 млн. евро бөлдү. Эгерде реформа ийгиликтүү уланса, мындай жардамдын көлөмү 10 эсе көбөймөкчү. Президент жыйында Ички иштер министрлигине 16 жеңил автоунаа берилгенин маалымдап, алардын ачкычын министр Бакирдин Субанбековго тапшырды.