Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:43

Президент А. Акаев Ташкенге барат


БИШКЕК. 3-5-майда Ташкен шаарында өтө турган Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкынын жылдык жыйынына президент Аскар Акаев катышат. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын башчысы Эркин Мамкулов билдирди. Анын маалыматы боюнча, кыргыз президенти Ташкенге 4-майда барат. Ал жерде Аскар Акаевдин өзбек президенти Ислам Каримов менен жолугушуусу күтүлөт. Европа Банкынын жыйынына Казакстандын, Тажикстандын жана Грузиянын президенттери да катышмакчы. Кыргызстан Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы менен 1995-жылдан бери кызматташууда. Бул мезгил ичинде банк Кыргызстанга 174 млн. евро өлчөмүндө кредит бөлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG