Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:26

«Арнамыс» партиясы генерал А. Чотбаевден далил талап кылууда


БИШКЕК. Улуттук Гвардиянын башчысы, генерал-лейтенант Абдыгул Чотбаев «Арнамыс» партиясын айыптаган өз билдирүүсүн далилдөгө аракет кылбаса, партия сотко кайрылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн партия штабынын мүчөсү Абдысапар Баялинов билдирди.
Абдыгул Чотбаев «Аргументы и факты» гезитинин 23-апрелдеги санына жарыяланган маегинде «Арнамыс» башынан АКШдан колдоо алып келгендигин жана азыр да океандын ары жагындагы өлкөнүн колдоосунан үмүт этип жаткандыгын белгилеген. Маек гезитке партиянын штаб башчысы Эмил Алиевдин «Ирак согушунда Орусия жеңилди» деген аталыштагы маеги менен жанаша басылып, анда Алиевдин пикирине кайчы көз караштар айтылган. Абдысапар Баялиновдун айтымында, А. Чотбаев аскер адам болуп туруп, гезит аркылуу «Арнамыс» партиясын «Саясий партиялар жөнүндөгү» мыйзамды бузуп жаткандыгы үчүн айыптады. Ошондуктан, партия ага АКШнын колдоо көрсөтүп жаткандыгы тууралуу А.Чотбаевдин дооматынын чын-төгүнүн аныктап берүү суранычы менен АКШнын Кыргызстандагы элчилигине расмий кат жолдоону да көздөп жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG