Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:24

Көз карандысыз гезит айыпка жыгылды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаардык соту «Моя столица» гезитинин апелляциялык арызын карап, буга чейинки Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Райондук сот премьер-министр Николай Танаевдин арызынын негизинде гезитке 500 миң сом айып салган эле. Бул тууралуу бүгүн «Моя столица» гезитинин башкы редактору Александр Ким кабарлады.
«Гезиттин былтыркы 26-ноябрда чыккан санындагы «Президент жетим эмес. Жемин жедирбейт» деген макаласындагы маалыматтар арнамысыма доо кетирди» деп Николай Танаев сотко кайрылып, моралдык зыян тарткандыгы үчүн гезиттен өз пайдасына 1 млн. сом, автор Рина Приживойттон 220 миң сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Ленин райондук соту ишти карап, 2003-жылдын 16-январында гезиттен премьер-министрдин пайдасына 500 миң сом, макаланы жазган автордон 3 миң сом өндүрүп берүү тууралуу чечим чыгарган. Александр Ким Бишкек шаардык сотунун чечимине нааразы экенин билдирип, Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылаарын айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG