Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Кыргызстан Иракка аскер жибербейт


БИШКЕК. Кыргызстан Иракка тынчтык орнотуу күчтөрүн жиберүүгө аракеттенген жок. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш башкармалыгынан билдиришти. Андан алынган маалыматка караганда, Иракка аскер жиберүү маселеси эч кайсы деңгээлде талкуулана элек. Коргоо министринин орун басары Асылбек Ормокоев да бул маселе Кыргызстанда талкууланбаганын бүгүн белгилеп, чет мамлекеттерге аскер жиберүү маселесин Жогорку Кеңеш чечээрин, ал эми парламенттин күн тартибинде андай маселе жоктугун билдирди.

XS
SM
MD
LG