Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

Коллективдүү коопсуздук кеңеши Кыргызстанда аскердик база түзүү маселесин талкуулайт


БИШКЕК. 28-апрелде Дүйшөмбү шаарында Коллективдүү Коопсуздук Келишимине мүчө болгон мамлекеттердин Коллективдүү коопсуздук кеңешинин сессиясы болоору болжолдонууда. Сессиянын күн тартиби саясий жана аскердик бөлүктөн туруп, анын биринчи бөлүгүндө эл аралык азыркы жагдайдагы уюмдун ордуна, тышкы саясий карым-катышты өркүндөтүүгө байланышкан маселелер талкууланат. Мындан тышкары, Коллективдүү коопсуздук кеңешинин баш катчысынын отчету угулуп, уюмдун билдирүүсү кабыл алынышы күтүлөт. Ал эми жыйындын аскерий бөлүгүндө уюмдун бириккен штабын түзүү, аскердик-техникалык кызматташтыкты кеңейтүү, Борбордук Азия регионунда тез аракеттенүүчү коллективдүү күчтөрдү өнүктүрүү жана өркүндөтүү маселелери талкууланат. Алардын ичинде Кыргызстандагы Кант аскер-аба майданында Аскер-Аба күчтөрүнүн базасын түзүү маселеси да бар. Кыргызстандан Дүйшөмбү сессиясына президент Аскар Акаев башында турган делегация катышат. Коопсуздук кеңешинин сессиясы башталаар алдында, 27-апрелде уюмга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жана Коргоо министрлер кеңешинин отурумдары өтөт. Коллективдүү Коопсуздук Келишимине учурда Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Орусия, Армения, Тажикстан мамлекеттери мүчө. Бул тууралуу маалымат бүгүн Кыргызстандын Коргоо министрлигинен алынды.

XS
SM
MD
LG