Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:26

КМШ: ЧОҢ ЖЫЙЫНДАР ПАРАДЫ


Кыргызстандын премьер-министри баштаган бараандуу делегация ушу тапта Москвада КМШ өкмөт башчыларынын кезектеги отурумунда. Бүгүн-эртең президент А.Акаев баштаган кыргыз делегациясы Тажикстандын башкалаасы Дүйшөмбү шаарына Жамааттык Коопсуздук Келишимине мүчө болгон өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жыйынына катышканы туру.

Күнкорсуз Мамлекеттер Шериктештиги уюшулгандан бери эгемендикке жетишкен өлкө жетекчилери оголе көп жолугушуу, жыйындарды өткөрүштү. Олуттуу, зарыл деп эсептелинген толгон-токой документтерге кол коюлду. Айрым аналитиктердин айтымында, КМШ өлкөлөрүнүн ичинде түзүлүп жаткан экономикалык, аскерий-техникалык кызматташуу максатындагы уюмдардын ишинин натыйжасы аз. Анын үстүнө КМШ ичиндеги кабелтең төрт өлкө – Орусия, Украина, Казакстан жана Беларусь бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзүү аракетине өтүшү Евразия Экономикалык Шериктештигинин эртеңкисин бүдөмүктөнтүүдө. “Келечек долбоору” саясий изилдөөлөр фондунун жетекчисинин орун басары Муратбек Иманалиев андай жаңы уюм азырынча сөз жүзүндө гана айтылып келатканын айтып, эгер ал ишке ашса Кыргызстан ага кошулушу мүмкүн деп эсептейт.

- Бул уюмдун негизин саясат түзөбү же аскер саясаты болобу – ал белгисиз. Экономика деп атышат, бирок ага ишенген киши аз, - дейт Муратбек Иманалиев. - Экономика болсо анын багыттары кандай болот, эркин экономикалык зона түзүлөбү – ошону караш керек. Андан кийин гана киришти ойлонуш керек, эгер кирсек эмнени утабыз, эмнеден уттурабыз? Азырынча анын баары белгисиз.

Москвада кезектеги жыйынга чогулган өкмөт башчылары 28 маселени талкууга алып, жыйынтыгында бир пикирге келүү ниетин көздөшүүдө. Алардын арасынан маанилүүсү катары КМШнын Экономикалык кеңешинин иши, акча базарына байланышкан маселелер, аскерий-техникалык кызматташтык сындуу проблемаларды бөлүп айтса жарашат. КМШ өлкөлөрүнүн Экономикалык кеңешинин учурдагы төрагасы Жоомарт Оторбаевдин айтымында, азыр кеңешке 12 өлкө мүчө.

- Баарыбыз көрүп турабыз,- дейт Жоомарт Оторбаев.- Эки мамлекеттин союзу бар – Орусия, Беларусь. Төрт мамлекеттин биримдиги бар – ЕврАзЭС. ГУАМ деген беш мамлекеттин бирикмеси бар. Жакындан бери дагы төрт мамлекеттин бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзүү идеясы айтыла баштады. Анткен менен КМШ - бул өзү уникалдуу институт, анткени ага 12 өлкө мүчө.

Эл аралык коалициянын Ирактагы аскердик операциясынан кийинки дүйнөдөгү жагдай КМШ өлкөлөрүнүн алдында бир топ олуттуу суроолорду айкүрүнөн койду. Өкүмзор жеке бийликтин сырткы күч аркылуу кыска убакыттын ичинде кулатылышы өзүнчө башкаруунун кыныгын алган өкүмдарлардын кыйласын сестентип салды. Орусия экономикалык кызыкчылыгын коргоп өкүмзор бийлик ээлери менен кымырынып-кымтынбай ачык кызматташа тургандыгын жалгыз Ирак аркылуу гана далилдебестен, соңку кездери Ашгабат менен алака-катышты күчөтө баштагандыгы аркылуу ачыктап койду. Ошондон улам Орусия Москванын айтканынан чыкпаган КМШ өлкөлөрү менен аскерий-техникалык кызматташууну жандантууга куштар. Канттагы аскердик аэродромго орусиялык аскер учактарынын Жамааттык Коопсуздук Келишиминин алкагында жайгаштырылышы - алыска ташталган аркандын бир учу гана.

Аскердик-техникалык кызматташтык - Евразия Экономикалык Шериктештигинин Дүйшөмбүдө өтүүчү жыйынында талкууга алына турган негизги маселелерден. 2000-жылдын 10-октябрында Астанада көз жарган жаңы уюм жакшылап иштей элегинде бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзүү идеясы Москва тарбынан айтыла баштады.

1992-жылдын 12-майында Ташкенде Орусиянын, Армениянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын жетекчилери кол койгон Жамааттык Коопсуздук Келишимине кийинки жылы Азербайжан, Грузия, Беларусь кошулган. Анын мөөнөтүн узартуу тууралуу протоколго 1999-жылдын 2-апрелинде Грузия, Азербайжан, Өзбекстан кол койбой коюшкан.

Келерки майдын алтысында Ошто Борбордук Азия экономикалык форумунун 2-жыйыны өтүшү күтүлүүдө.

Азырынча КМШнын мамлекет башчылары каадалуу жыйындарды өткөрүү менен гана алектенип калышкандай таасир калтырышат.
XS
SM
MD
LG