Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

КЫРГЫЗ АРМИЯСЫ КООМДУК КӨЗӨМӨЛГӨ МУКТАЖБЫ?


25-апрелде Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш, мыйзам жана конституциялык мыйзамдуулук комитети «Куралдуу күчтөрдөгү уставга жат көрүнүштөр: анын алдын алуу жана жоюу» деген темада коомдук угуу өткөрдү.

Парламенттеги коомдук угуу «Куралдуу күчтөрдө уставга жат көрүнүштөр, тактап айтканда, аскер кызматчыларынын укугун басмырлоо барбы, алар кандай кылмыштарга барат жана ага эмне түрткү болууда?» - деген суроону тактап, ачыкка чыгаруу максатын көздөдү. Угууга өкмөт мүчөлөрү, саясий партиялардын, коомдук уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, Куралдуу күчтөрдүн жетекчилери жана депутаттар катышты. Алар бир ооздон «Куралдуу күчтөрдө мындай проблема бар жана ал бир гана тармактын баш оорусу эмес бүтүндөй коомдун проблемасы» деген бир пикирге келишти. Алардын айтымында, бул бир гана Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндөгү жан кейиткен көрүнүш эмес, ал постсоветтик мамлекеттердин баарына совет доорунан калган кесепеттүү мурас. Андан тышкары, талкууда «армия менен коомдун ортосунда чоң ажырым пайда болду, армияны коом коргоочу катары эмес, дарттуу бөлүгү катары кабыл алып калды» деген ойлор айтылды. Аскер прокурору Кубатбек Кожоналиевдин айтымында, буга Советтер Союзу ыдырап баратканда армияны саясатка аралаштыруу жик салган.

- Советтер Союзу ыдырап баратканда Куралдуу күчтөр өзүнө тиешесиз маселелерге кийлигишип кеткендигинен улам ажырым пайда болгон, - дейт Кубатбек Кожоналиев. - Армия өзүнө гана тийиштүү маселелер менен алектениши керек. Ошон үчүн погон тагынган адамдардын баары саясаттан алыс болуп, эч кандай саясий партиялардын ишине кийлигишпеши керек.

Ал эми уставга жат көрүнүштөрдүн өкүм сүрүшүнө жоокерлерде жердешчилик сезимдин жогорулугу, аскерге жалаң чала сабат, психологиялык жактан туруксуз, жакыр үй-бүлөдөн чыккан уландардын гана чакырылып жатышы башкы себеп катары айтылды. Офицерлердин кесиптик даярдыгынын төмөндүгү, алардын көп социалдык көйгөйлөрүнүн чечилбегендиги, жоокерлерди тарбиялоодо материалдык, маалыматтык каражаттын жоктугу жана аскер бөлүктөрүндө күжүрмөндүүлүккө тарбиялаган даярдыктын начардыгы да армиядагы тартипсиздикке шарт түзүүдө. Талкуунун катышуучулары «мындай терс көрүнүштү жоюш үчүн ириде контракттык негизде иштеген профессионалдуу армия түзүп, армияга коомдун көзөмөлүн күчөтүү жана аскер бөлүктөрүндө моралдык абалды жакшыртуу керек» деп сунуш кылышты. Улуттук Гвардиянын колбашчысы Абдыгул Чотбаевдин айтымында, армияда эң башкы эки проблема бар - алар экономикалык жана моралдык проблемалар. Адегенде мына ушул экөөнү чечиш керек.

- Биз ушул эки проблеманы чечсек, профессионалдык армия өзүнөн-өзү эле түзүлөт. Керек болсо анын түзүлгөнүн байкабай да калышыбыз мүмкүн, - дейт Абдыгул Чотбаев.

Ал эми талкууну өткөргөн комитеттин төрагасы, депутат Валерий Диль армиядагы мыйзамсыз көрүнүштөрдү жоюш үчүн коомдук көзөмөлдү күчөтүү зарыл деген ойдо. Ошон үчүн комитет эки жылдан бери «Аскердик уюмдарга коомдук көзөмөл салуу жөнүндөгү» мыйзам долбоорун даярдап койду.

- Бул мыйзам азыр даяр болуп калды. Коомдук көзөмөл - бул Куралдуу күчтөрдүн ачыктыгы. Бул үчүн комиссия түзүш керек. Комиссия парламент менен коомдун жана армиянын ортосунда иш алып барып, бардык проблемаларды ачыкка чыгарууга милдеттүү болот. Андан тышкары, мыйзамда коом менен армиянын ортосундагы ажырымды жоюу каралган. «Коомдун бир бөлүгү катары армия анын жүгүн бирге тартышы керек жана ал саясатта колдонула турган курал болбошу зарыл» деген норманы да киргизип жатабыз, - деп билдирди бул тууралуу Валерий Диль.

Армияда коомдук көзөмөлдү күчөтүү идеясы аскер өкүлдөрүнө анча жага берген жок. Алардын бири, Улуттук Гвардиянын колбашчысы Абдыгул Чотбаев:

- Бул керек нерсе жана мурда эле бар болчу. Себеби, армия «Жоокерлердин энелеринин комитети», парламент тарабынан көзөмөлдөнчү. Эми Акыйкатчы көзөмөлдөй баштады. Бирок, мунун бирдиктүү негизи бузулбаш керек. Мисалы, жетекчи кызматта тургандар аны түшүнүп кабыл алабыз, ал эми катардагы офицердин алдасы оозунан түшүшү мүмкүн, -деп каршы чыкты.

Аскердик соттун төрагасы Бактыбек Батырбаев болсо:

- Мыйзам кабыл алуу менен эле проблеманы чечип, кылмыштуулукту токтотуп коюуга болбойт. Мунун социалдык, экономикалык жагын кошо карап чыгып, анан биргелешип мыйзам кабыл алсак, анын механизмдерин тапсак, ал мыйзам күчтүү болот, - деген оюн айтты.

Ушундан улам талкуунун жыйынтыгы катары президентке кайрылуу сунушу колдоо тапкан жок. Анын себептерин аскер прокурору Кубатбек Кожоналиев мындайча түшүндүрдү:

- Куралдуу күчтөр - коомдун бир бөлүгү. Аны бири-бирине карама-каршы коюуга мен кошула албайм. Экинчиден, маселе бир тараптуу эмес, комплекстүү. Ошон үчүн ага системалуу мамиле керек. Андан тышкары, кайрылуунун долбоорунда «маселе жогору жактан каралсын» деп жазылган экен. Аны колдоого болбойт. Бул демилге төмөн жактан чыгышы керек. Анткени, маселени төмөн жактагы адамдар толук, жакшы билишет.

Акырында армиядагы мыйзамсыз көрүнүштөр боюнча атайын парламенттик угуу өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG