Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

ЖАШ ОКУМУШТУУЛАР А. АКАЕВДИ ЖАҢЫ МӨӨНӨТКӨ ШАЙЛАГЫСЫ КЕЛЕТ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргызстандын мамлекет башчысы Аскар Акаев бир нече жолу келерки президенттик шайлоого катышпай тургандыгын билдирген. Бирок, айрым байкоочулар президент шайлоодон баш тартканы менен анын айланасындагылар шайлоого катыштыруу үчүн аракеттенээрин дайым айтып келишкен болчу. Мунун алгачкы белгиси 22-23-апрелде Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн студенттердин жана жаш илимпоздордун форумунда ачыкка чыкты. Жыйындын катышуучулары Аскар Акаевге дагы бир мөөнөткө президент болуп берүү өтүнүчү менен кайрылышты.

Президенттен дагы бир мөөнөт иштеп берүү өтүнүчү алгачкы жолу быйыл январда, референдум алдында А. Акаев менен коомчулуктун айрым өкүлдөрүнүн Өкмөт Үйүндөгү жолугушуусунда көтөрүлгөн. Бирок анда мындай пикир жеке бир адам тарабынан айтылгандыктан, коомчулук ага анчалык маани берген эмес. Ал эми Ош университетинде Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата 2 күнгө созулган жаш окумуштуулардын форумунда кабыл алынган кайрылууну бир адамдын пикири катары кароого болбойт. Бул форумга жаш окумуштуулардан тышкары президенттин кеңешчиси, академик Аскар Какеев баштаган аттуу-баштуу окумуштуулар, «Ак Үйдүн» идеологиясын жүргүзгөн мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов өзү катышкан. Ушундан улам Бишкекте эмес, Ош шаарында жаш окумуштуулардын кайрылуусун айрым эксперттер алдын-ала даярдалган акция катары баалап жатышат. Кайрылуунун жыйынтыктоочу бөлүгүндө маселе мындай коюлган:

- Сиздин ашкере демократтык табиятыңызга суктанып, өз элиңиз үчүн күйүп-жанып, бүткүл кан-жаныңызды аябай, эбегейсиз эмгек өтөп келе жатканыңызды урматтап, Кыргызстанга дүйнөлүк аренадан татыктуу орун алып берүүгө дараметиңиздин жете тургандыгына ишенип, кийинки мөөнөтүңүзгө чейин татыктуу иштеп берүүңүздү жана өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн өзөгүн түзүп, 2001-2010-жылга чейин турмушка ашуусу пландаштырылган КОР программасында белгиленген комплекстүү иш-аракеттердин үзгүлтүккө учурабай, ийгиликтүү соңуна чыгышы үчүн, андан кийинки мөөнөткө да элиңиздин эртеңкисине камкордук көргөн нукура патриот инсан катары президенттик кызматта иштеп берүүңүздү өтүнөбүз.

Бул кайрылуу 25-апрелде өкмөттүн саясатын элге жайылткан «Кыргыз туусу» гезитине толугу менен басылды. Демек, коомдук пикирди билүүгө жем таштаган бул расмий кайрылуудан кийин кандай иш-аракеттер башталаарын боолгош кыйын эмес. Биз бул кайрылуу жарыяланган соң «Акаевге отставка, эл үчүн реформа» кыймылынын жетекчиси Азимбек Бекназаровго кайрылганыбызда ал мындай деди:

- Менин оперативдүү маалыматыма караганда, бул «Ак Үйдөн» иштелип чыккан. 31-августта, Бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын курултайында чечим кабыл алынат бул боюнча. Анан кол топтолот. «Элдик демилге» деп, бул маселе эчак «Ак Үйдө» иштелип чыккан. Мен мурда эле уккан элем. Ошол үчүн жанагы кыймылдын аталышын биз сактап калдык да. «Ушундай болбосун, 2005-жылы кетпейт баары бир» деп сактап калганбыз. Биз муну, албетте, колдобойбуз. Колубуздан келишинче каршы аракет кылабыз.

Ушул эле суроо менен айрым бийлик өкүлдөрүнө кайрылганыбызда, алар азырынча өз пикирлерин айтуудан баш тартып, демократиянын шартында ар кыл пикирдин өкүм сүрүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин айтышты. Ал эми Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева мындай демилгени провокация катары кабыл алаарын жашырган жок.

- Ой, эми ар ким кайрыла берет да. Убакыт өзү көрсөтөт да. Мен бирөөнүн демилгесин колдойм же колдобойм деп айта албайм. Себеби, ар кимдин өзүнүн көз карашы бар. Жалпы элдин жообу ушундай болбош керек да, туурабы? Азыр ачыгын айтканда бул провокация. Азыр мына басма сөздөгүлөрдүн баары кыйкырасыңар.

Жыйынтыктап айтканда, Аскар Акаевди дагы бир мөөнөткө президент болуп беришин өтүнгөн жаш окумуштуулардын кайрылуусу коомчулуктун бүйүрүн кызытып, талаш-тартышка жем таштаары шексиз болуп калды.

XS
SM
MD
LG