Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:19

КЫРГЫЗСТАНДА АРАМ АКЧАНЫ АДАЛДООГО КАРШЫ КҮРӨШ БАШТАЛАТ


Сапар Орозбаков, Бишкек 24-апрелде ЕККУнун Бишкектеги борбору, Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы жана Улуттук Банк биргелешип өткөргөн «Кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөш жана террорчулукту каржылоого бөгөт коюу» деген эл аралык конференция өз ишин аяктады. Конференциянын катышуучулары Кыргызстанда арам акчаны адалдоо фактылары бар же жок экенин так айта алышпайт. Бирок аны менен күрөш жүргүзүш үчүн тиешелүү мыйзам кабыл алуу жана атайын орган түзүү зарыл деп эсептешет.

Арам акчаны адалдоого каршы күрөш үчүн тиешелүү мыйзамдык база жана атайын орган түзүү зарыл. 2 күнгө созулган талкуудан кийин конференциянын катышуучулары ушундай чечимге келишти. Бирок алар Кыргызстанда арам жол менен табылган акчанын бар-жогун так билишпейт. Конференциянын аягында өткөрүлгөн маалымат жыйынында биз аларга: «Буга чейин биздин өлкөдө арам акчаны адалдоо фактылары болгонбу, болсо ал канчалык деңгээлде Кыргызстанга мүнөздүү?» - деген суроо бердик. Конференциянын катышуучулары бул суроого так эч нерсе айта алышкан жок.

- Арам акчаны адалдоо фактылары бар-жок экенин билиш үчүн жакшы мыйзам базасы керек. Ал болбосо анын бар-жогун айтыш кыйын. Бул ошондой мыйзам кабыл алынгандан кийин гана белгилүү болот, – деди Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкери Долгор Солонго айым. Бирок конференциянын айрым катышуучулары Кыргызстанда көмүскө экономиканын чоң экенин жана ири көлөмдөгү баңгизаттардын кармалып жаткандыгын айтышып, Кыргызстанда арам жол менен табылган акча бар деп болжошот.

- Акыркы 2 жылдын ичинде Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен жеринде 4 тоннадан ашык героин кармалды. Бул кармалганы эле. Канчасы кармалбай өтүп кетип атканын айтыш кыйын. Ал бирөөлөргө киреше берип жатат. Албетте, иликтөө жүргүзүш үчүн мыйзам болбогондон кийин, арам акчаны адалдоо фактылары Кыргызстанда бар же жок деп кесе айтыш мүмкүн эмес. Бирок мен келтирген фактылар ушундай көрүнүш бар болсо керек деген ойго негиз берет, - деди ушул эле уюмдун өкүлү Ольга Зудова айым.

Кылмыштуу жол менен табылган акчаны мыйзамдаштыруунун бир нече жолдору бар. Мисалы, банкка акча салуу, казинодон утуп алуу, кыймылсыз мүлк сатып алуу менен акчанын изин жашырып кетсе болот. Мунун ичинде арам акчаны банк аркылуу адалдоо үстөмдүк кылаарын дүйнөлүк практика көрсөтүп турат. Ошондуктан конференциянын катышуучулары Кыргызстандын банктар жөнүндөгү мыйзамдарына түзөтүү киргизүнү сунуш кылышты. Тактап айтканда, «Арам акчаны адалдоого каршы күрөш» деген жаңы мыйзам кабыл алына турган болду. Бул мыйзамдын долбоорун Улуттук Банк иштеп чыккан. Анын маңызын Улуттук Банктын жооптуу кызматкери Темур Каракчеев мындайча түшүндүрдү:

- Коммерциялык банктар 1 млн. сомдон ашык суммага операция жасалган учурда финансылык иликтөө органына маалымат берип турушат. Ал болсо бул маалыматты иликтеп, эгерде ошол акчанын кылмыштуу жол менен табылганы далилденсе, укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө тийиш. Укук коргоо органдары болсо мыйзам чегинде чара көрүшөт.

Өткөн жылдын август айында «Банктык жашыруун сыр» деген жаңы мыйзам кабыл алынган болчу. Бул мыйзамдын маңызы - банктарга салынган акчанын жашыруундугун камсыз кылуу экени айтпаса да түшүнүктүү. «Сунуш кылынып жаткан мыйзам ошол мыйзамга каршы келбейби?» - деген суроого Темур Каракчеев: «Каршы келбейт. 2 мыйзамды тең Улуттук Банктын адистери иштеп чыкты», - деди.

Ал эми жаңы түзүлө турган орган «Финансылык чалгындоо кызматы» же «Финансылык иликтөө кызматы» деп, ар кандай аталышы мүмкүн. Анын милдети - арам акчанын булактарын иликтөө. Ал укук коргоо органдарындай болуп тергөө, териштирүү, жаза берүү иштерин жүргүзө албайт. Арам акчанын ээсине чара көрүш үчүн бул кызмат укук коргоо органдарына кайрылууга тийиш болот.
XS
SM
MD
LG