Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Канаданын Торонто шаарында адаттан тышкаркы өпкө оорусунан дагы эки киши көз жумду


Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады. Ушуну менен Канаданын эң чоң шаарында жаңы жугуштуу дарттан өлгөндөрдүн саны 18ге жетти. Кытайда өнөгөсүз өпкө дартынан бүгүнкүгө дейре 115 киши, ага тушташ Гонконгдо 116 адам мерт болду. Дүйнө жүзүндө бул кооптуу илдеттин курмандыктарынын саны 280 адамга айланды. Куала-Лумпурда чогулган Кытай, Гонконг, Түштүк Корея, Жапония жана Түштүк-Чыгыш Азиялык 10 өлкөнүн расмий өкүлдөрү чет мамлекеттерге кетип бара жаткан жүргүнчүлөрдүн ден-соолугун текшерүү, "САРС" вирусунун белгилери бар адамдарга жолго чыгууга тыюу салуу чараларын караштырып жатышат. Жыйынга Дүйнөлүк саламаттыктык сактоо уюмунун кызматкерлери да катышууда.

XS
SM
MD
LG