Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:51

ОРУС ГЕЗИТТЕРИНДЕГИ НЕГИЗГИ ТАЛКУУ: БОРБОРДУК АЗИЯ ҮЧҮН БАТЫШ МЕНЕН ОРУСИЯНЫН ОРТОСУНДАГЫ КҮРӨШ КҮЧӨЙ БЕРЕТ


Төрөкул Дооров, Маскөө шаары. Аяктап бараткан аптада Орусиядагы басма сөз каражаттары бир катар эл аралык олуттуу окуялардан соң кайрадан Шериктештиктеги өлкөлөрдүн ич-ара карым катнаштарына жана Борбордук Азия проблемаларына кайрылышты. Аймактагы жумурияттардын экономикалык жана аскерий кызматташуусу апта бою биринчи планга коюлду. Бул алкактагы суроолор эртең да Дүйшөмбү шаарында өтүүчү ЕвАзЭКтин мамлекеттер аралык кеңешинин жыйналышында да каралмакчы.

Ирак согушу менен чечен референдуму темалары саал четке жылып, эмки сөз оролу Борбордук Азияга өткөндөй сыяктанат. Орусиядагы ири коомдук-саясий гезиттер менен журналдар апта этегинде Тажик жергесинде жүз көрүүчү окуянын маанисин талдоого алышууда.

Мисалы, «Время МН» гезити (24.04.03) постсоветтик аймактагы жумурияттардын саясий жетекчилик системаларын мүнөздөөгө далаалат жасаса, ал эми «Российская газета» (24.04.03) аймактын жандуу экономикалык байланыштарынын тагдырын мындагы өлкөлөрдүн Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирүү ниетинин дэңгээли чечет» деп карайт.

«Акыркы мезгилдерде тажик-орус мамилелери бир катар өзгөрүүлөргө кабылды» деп макаласын баштаган «Независимая газетанын» (25.04.03) журналисти Виктория Панфилова Тажикстан – бүтүндөй КМШ аймагында Москва менен чыныгы кызматташтык мамиледе турган «жападан жалгыз өлкө» деп жазат. Бир гана Тажикстанда орусиялык аскерий күчтөрдүн кубаттуу бөлүктөрү жайгашкан. «Анткен менен акыркы мезгилдерде орус-тажик мамилелери бир катар себептерден улам басаңдай түшкөндөй болду. Башкы көңүл Борбор Азия чөлкөмүнө эмес, Батыш менен Жакынкы Чыгыштын проблемаларына бурулган. Карым-катнаштардагы аба-ырайынын өзгөрүүсү Тажикстан менен АКШ жана бир катар европалык өлкөлөрдүн ортосунда жылуу дипломатиялык мамиленин жаралышын шарттады. Ушундан уламбы, Орусия Орто Азия регионунда маанисин жоготуп коюудан чочулап, кайрадан Дүйшөмбү менен сүйлөшүүлөрдү жандантуу аракетин көрүүдө», - дейт Панфилова.

Ал эми «Консерватор» (25.04.03) гезити Тажикстанды «Орусиянын ишенимдүү, бирок ички кырдаалы туруксуз кызматташы» деп тааныйт. Макалада жазылгандай: «Мамлекет, сырттан караганда, тынч көрүнгөнү менен анын ички көйгөйлөрү чачтан көп. Бул – калктын, өзгөчө жаш муундун билимсиздиги, элдин социалдык оор абалы жана расмий бийликтин өзүндө пайда болгон жаракалар».

«Независимая газета» Дүйшөмбүдөгү бул жолку жыйналышты жалаң эле орус-тажик мамилелеринин эмес, жалпы эле КМШ алкагындагы экономикалык жана аскердик байланыштардын өңүтүндө карайт. Тажикстанда келерки аптанын дүйшөмбүсүндө Коопсуздук келишиме кирген өлкөлөрдүн катарына Армения да кошулат. «Бирок ЕврАзЭК менен Коопсуздук Келишими Уюму азырынча натыйжалуу уюмдардын катарына киришпейт» деп жазат гезит.

КМШ аймагында экономикалык тармакта иш-аракет жүргүзчү ЕврАзЭКтен сырткары дагы төрт мамлекеттин: Орусия, Беларусь, Казакстан жана Укранинанын ортосунда бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин ичинде кызматташтыкты арттырууга багытталган жаңы уюм бар. Төрт мамлекет башчылары КМШдагы башка өлкөлөрдү да бул уюмга кирүүгө чакырышкан эле. Жекшемби күнү Тажикстандын ордо шаарында баштала турган жыйын бул суроого да жооп берет ко деп орусиялык журналисттер жоромол кылууда. Эксперттердин баамында, бул уюмга мүчө болуп кирүү, Борбордук Азиядагы Кыргызстан менен Тажикстан үчүн өтө пайдалуу болмок. «Анткени өлкөлөр ичиндеги экономикалык маселелер ич-ара товар жүгүртүүдө чек аранын соода иши үчүн эле эмес, атуулдардын эркин кыймылдары үчүн да ачык болуусун шарттайт» деп ойлойт Орусиянын экономикалык өнүгүү жана соода министри Герман Греф:

- Чынында, бул келишимдин зыянынан пайдасы көп деп ишенимдүү айта алам. Бирок, бүгүнкү күнү бул төрт мамлекет тең Дуйнөлук соода уюмуна мүчө болуп кирүү алдында турушат (ред.: Кыргызстан КМШда алгачкы болуп бул уюмга мүчөлүккө өткөн). Мында биз же бирге болушубуз керек, же экономикалык карым-катнашыбызды өзүнчө түзгөнүбүз оң. Анткени, биздин жооптон уюм мүчөлөрүнүн атуулдарынын ич ара эркин кыймылы туурасындагы маселеге чекит коюлат. Бул маселе уюм ичиндеги мамлекеттерде жүрүү үчүн виза керекпи же жокпу деген суроого жооп бериши керек. Азырынча мамлекеттер бул өңдүү кыйынчылыктарды четтетүү аракетинде иштешүүдө.
XS
SM
MD
LG