Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Президент Акаев ЖОЖдор стратегиясын аныктады


БИШКЕК. Бүгүн өкмөт үйүндө Жогорку окуу жайлардын мындан аркы өнүгүшүнүн жаңы стратегиялык багыттары президент Аскар Акаевдин катышуусунда өткөн конференцияда талкууланды. Президент конференцияда жогорку окуу жайларды модернизациялоонун үч багытын, атап айтканда, массалык маалыматты жана инновациялык маданиятты калыптоо, инженердик кадрларды даярдоо багыттарын белгиледи. Президенттин айтымында, билим берүү Кыргызстанда жаңы экономиканы камсыздоого жөндөмдүү артыкчылыктуу тармагы: «Эгер биз жакынкы жылдары билим берүү системасын дүйнөлүк деңгээлге алып чыкпасак, …Кыргызстан биротоло болбосо да, узакка чейин дүйнөлүк цивилизациядан оолак калат», деди Акаев. Президент билим сапатын дүйнөлүк стандартка ылайыктоого чамасы жетпеген жогорку окуу жайлардын андан ары иш улантышынын кажети жоктугун белгиледи. Учурда Кыргызстандын аймагында 32 мамлекеттик, 14 менчик жогорку окуу жайы бар. Алар 206 адистик боюнча 199 миң студент окуйт.

XS
SM
MD
LG