Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:40

Кытайда өпкөнүн дабаасыз дартына чалдыккандардын саны 2700дөн ашты


Илдеттен көз жумгандар, соңку маалыматтар боюнча, 122ге жетти. Илдеттин жайылышына каршы майнаптуу чараларды көрө албаганы үчүн өлкөнүн саламаттык сактоо министри кызматынан алынды. Ал эми Гонконгдо бүгүнкү күнгө чейин бул дарттан 121 киши көз жумду, өпкөсүнөн кагынгандар 1,5 миңге чукулдап калды. Бейдабаа дарттын илесин тапканы жана ага каршы күрөштүн натыйжалуу жолдорун аныктаганы региондун 15ке жуук өлкөсү Бангкокто эмдиги аптанын шейшембисинде атайын жыйынга чогулганы жатат. Мунун алдында Малайзиянын борборунда саламаттык сактоо министрлери илдеттин таралашын ооздуктоо чараларын талкуулашты. Атап айтканда, аэропорттор менен деңиз портторунда көзөмөл иштерин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG