Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Түштүк Корея эртең Пхеньянга өкмөттүк делегация жөнөтөт


Дүйшөмбү күнү бул жерде тараптардын үч күндүк сүйлөшүүлөрү башталат. Анын жүрүшүндө түштүк корейлердин делегациясы түндүктөгү улутташтарын атомдук курал түзүү программасынан баш тартууга көндүргөнгө аракет кылышат. Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Юн Ен Гван ошону менен бирге ырасмий Сэул кризисти жөнгө салуу үчүн Вашингтон жана Токио менен консультацияларды өткөрүп, активдүү кызматташарын кайрадан бышыктады. Кошмо Штаттардын атайын өкүлү Жеймс Келли бүгүн Токиодо япон дипломаттары менен жолугушууларды өткөрдү. Кечээ Пентагондун башчысы Дональд Рамсфелд проблеманы Вашингтон дипломатиялык чаралар менен жөнгө салууну жактайт тургандыгын билдирди. Пекиндеги сүйлөшүүлөр маалында Пхеньяндын делегациясы Түндүк Кореянын ядролук куралы бар деп ырастаган эле.

XS
SM
MD
LG