Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

Россиянын президенти бүгүн Тажикстанга үч күндүк визит менен келди


Өлкөнүн борборунда Владимир Путин менен тажик президенти Эмомали Рахмоновдун эки тараптуу сүйлөшүүлөрү башталды, анын жүрүшүндө Россия менен Тажикстандын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маселелери каралды. Дүйшөмбү күнү бул жерде КМШнын коллективдүү коопсуздук кеңешинин жыйыны ачылат. Ага Путин менен Рахмоновдон тышкары Армениянын, Белоруссиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын президенттери катышат. Путин тажик жана кыргыз президенттери менен аталган эки өлкөдөгү россиялык аскер базаларына байланышкан маселелерди да талкуулаганы жатат.

XS
SM
MD
LG