Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:02

ИРАКТЫКТАР АМЕРИКАГА НААРАЗЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары 24-апрелде Ирактын мурдагы вице-премьер–министри Тарык Азиз АКШнын аскерлерине өз ыктыяры менен багынып берди. Азиз АКШ издеп жаткан 55 ирактык жетекчинин бири. Бирок карапайым ирактыктар Тарык Азиз Хусейндин режиминин өтө таасирдүү өкүлү эмес экенин белгилеп, АКШ режимдин башка, таасирдүү мүчөлөрүн таап, колго түшүрүшү керектигин айтышат.

«Азаттыктын» ушул тапта Багдадда жүргөн кабарчысы Замира Эшанова өлкөнүн мурдагы вице- премьер-министри Тарык Азиздин америкалыктардын колуна түшүп бергенин көпчүлүк ирактыктар «Сава» радиосунан, BBCден же араб тилинде кабар берген башка маалымат булактарынан угушканын баяндайт. Кабарды эл оозунан уккандар да арбын.

Бирок Эшанованын айтымында көптөгөн карапайым ирактыктар Тарык Азизди жаман киши деп эсептебейт. Алардын көз карашында, узак убакыт бою өлкөнүн тышкы иштер министри болуп келген Азиз болгону Хусейндин буйругун аткарып турган жана көп нерсени өз алдынча чечүү укугуна ээ болгон эмес. Замира Эшанова мындай дейт:

- Көптөгөн ирактыктар - дарыгерлер, мугалимдер, соодагерлер жана үйдө отурган аялдар Азизди жаман киши деп эсептешпейт. Алар анын узак убакыт бою тышкы иштер министри болуп келгени жана христиан динин туткан адам экенин билишет. Көптөгөн кишилер Тарык Азиздин жеке өзүнө кеги жок экенин айтышат. Ошону менен катар көптөгөн жарандар аны режимдин жооптуу мүчөлөрүнүн бири болгонун белгилеп, ошону менен бирге анын режимдин солдаты гана болгонун, анын үстүнөн режимдин генералдары башчылык кылып келгенин белгилешет. Ирактыктардын пикиринде, Тарык Азиз жана башка интеллектуалдар Ирактын кызыкчылыгы үчүн бир топ иш кылышкан жана болочокто да элдин көп ишине жарап бере алат. Ошону менен катар Азизди режимдин бир бөлүгү катары эсептеп, аны азыр режимдин кылган иши үчүн жоопко тартуу керек экенин айтып жаткандар бар.

Ирактыктар Хусейн режиминин өкүлдөрүн издөө жана камакка алуу жараянына ынанышпаганын айта кетүү абзел. Алардын пикиринде, америкалык жетекчиликтин тизмесине киргизилген 55 киши эле эмес, режимге кызмат кылып, анын кара ниет буйругун аткарган миңдеген кишилер камакка алынып, жазаланууга тийиш. Бул жөнүндө кабарчыбыз Замира Эшанова мындай деп билдирет.

- Ал тизмеге дагы көптөгөн кишилер киргизилүүгө тийиш. АКШнын торуна азыр кичине балыктар түштү. Режимдин жогорку баскычындагылары эмес, ортоңку баскычтагы кызматкерлери торго чалдыкты. Саддамдын өзү кайда кетти? Жашыруун полициянын башчысы, армиянын башчысы кайда? Ирак элин тирүүлөй азапка салган, кыйнаган, өлтүргөн, коркутуп, үркүтүп, жүрөк үшүн алган, өлкөнүн байлыгын уурдап, энчисине басып алган кишилердин баары кайда? Эмне үчүн АКШ ушул убакка чейин ошол кишидердин бирин да камакка алган жок? Биринчилерден болуп, Саддам баш болуп ошолор камалууга тийиш болчу, дейт эл. Ирактыктардын маанайы мына ушундай.

Тарик Азизди колго түшүргөн америкалык жетекчилик андан режимдин башчылары кайда жашынып, Ирактын кыргын салуучу куралдары кайда катылганы жөнүндө маалымат алууга үмүттөнүп жатат. Кабарчыбыз карапайым ирактыктардын арасында Саддам жөнүндө көптөгөн имиш-кептер орун алып жатканын айтат. Кабарчыбыз элдин айрым пикирин келтирет:

- Карапайым элдин ичинде: «АКШ менен режимдин жана Саддамдын ортосунда кандайдыр жашыруун келишим бар. Саддам азыр АКШ аскерлеринин коргоосу астында бир жерде жашынып жатат»,- деген жоромолдор бар. Анткени «Саддам ушул жылдары Американын кызыкчылыгында иш жүргүзүп келген. Аны Америка шыкактап келген» деген көз караштар орун алууда.

Кабарчыбыздын айтымында, согуштук аракеттер басылган Багдадда турмуш калыбына келгени менен, элге баш-көз болгон бийликтин жоктугунан турмуштун көп жагында баш аламандык менен өзүм билемдик орун алып жатат. Мисалы, үй ээлери үй киресин жогорулатып, кирени төлөй албаган миңдеген кишилерди жылдардан бери турган үйлөрүнөн сүрүп чыгышууда. Базарда нандын баасы күн санап, кымбаттап, таркатылган нандын үлүшү болсо күндөн- күнгө кичирейип баратат. Бул баш-аламандыктарды жөнгө сала албаган америкалык аскерлерге калктын нааразычылыгы күчөп баратат, дейт Эшанова.

Калк арасында эски режимдин катаал башкаруусун эңсегендер да жок эмес. «Биз Саддамды жана анын режимин жек көрөбүз. Бирок режимдин учурунда жашоо коопсуз эле, тартип бар эле, мыйзамдар бар эле. Эми карагылачы! Америкалыктар мунай министрлиги менен мунай кендерин эле кайтарып жатышат, башкасын "эмне болсо ошол болсун" деп таштап койушту», - деп нааразы болгондор көп дейт Багдаддагы кабарчыбыз Замира Эшанова.
XS
SM
MD
LG