Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:01

ЖАРДЫ ИРАКТА МИЛЛИАРДДАГАН ДОЛЛАР ТАБЫЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Ирактагы америкалык аскерлер акыркы күндөрдө ар башка жерлерде катылган ири өлчөмдөгү акча таба баштады. Бардыгы болуп бир миллиард доллардан ашык накталай акча табылды, бирок анын кайдан келгени жана кандай максат менен катылганы азырынча белгисиз.

"Лос-Анжелес таймс" гезитинин жазышынча, өткөн аптада Тигр дарыясынын жээгиндеги бир үйдө 656 миллион доллар табылган. Үйдүн ээси БААС партиясынын жогорку жетекчилеринин бири болгон жана акча ит кепеде катылган. Үстүбүздөгү аптада болсо Багдад шаарындагы президент Саддам Хусейндин сарайларынын биринде дагы 650 миллион доллар табылганы тууралуу кабарланды. Акчанын баары 100 доллардык кагаздар менен 164 темир кутуга салынып, короодогу үйлөрдүн биринин дубалынын коңулуна катылган.

Акча оролгон кагаздар кошуна Йорданиянын банкынa таандык болуп чыкты жана кээ бир тергөөчүлөрдүн айтымында, жакында чындап эле Йорданиянын банкынан бир миллиард доллар алынган, бирок табылган акча ошонун бир бөлүгү экендиги аныктала элек. Америкалык эксперттер азыр акчанын жасалма эмес экендигин жана анын кайдан келгенин тергеп-изилдеп жатат. Бирок адистердин айтымында, акчанын изин толук аныктоо өтө кыйын иш, ан үчүн дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүндөгү жүздөгөн банктын компьютерлерин текшериш керек.

Мынча өлчөмдөгү накталай каражат америкалыктар үчүн да өтө көп. АКШнын Нотр-Дам университетинин профессору Жимми Гурулейдин айтымында, табылган акча таза эмес экендиги анык: "Бул абдан чоң өлчөмдөгү акча. Бирок анын катылган жолу, албетте, өтө шектүү. Жарым миллиард доллардан ашык акча таза болсо, аны эч ким дубалдын көңдөйүнө салып катпайт. Аны каткан адам - акчанын кайдан келгенин, эмне үчүн алынганын жана анын мыйзамсыз жол менен табылганын жашырууну көздөгөн".

Ирактагы орточо айлык 160 доллардын тегерегинде жана алиги катылгандай акча чогултуу үчүн, өлкөнүн жөнөкөй жараны 400 миң жыл иштеш керек. Ошол эле учурда Ирактын мамлекеттик карызы 120 миллиард долларга жетет, ал эми 1991-жылдагы согуштан чыккан береселерди кошкондо, ал карыз 300 миллиард долларга чамалап барат. Өлкөнүн бир жылдык дүң жыйымы болсо 25 миллиард долларга жакын. Багдад өзүнүн мунай байлыктарын сатканда дагы, мынчалык карызды төлөп берүү үчүн ага 60 жыл керек болмок.

Мындай абалда бир миллиарддан ашык доллар акчанын ит кепеси менен дубал көңдөйүнө катылганы кылмыш экени анык. Профессор Гурулейдин айтымында, табылган акчанын президент Саддам Хусейн менен түз байланышы бар болушу мүмкүн: "Саддам согушта утула турганын билген жана коалициялык аскерлер өлкөнү басып алганда, Ирактын банктарын өз көзөмөл алдына алаарынан корккон. Ошондуктан бул акча - президент Саддам Хусейндин жеке өзүнүн пайдалануусу үчүн катылышы мүмкүн, ал бул акча америкалык аскерлер тарабынан конфискацияланбашын көздөгөн".

Америкалык аскерий жетекчиликтин айтымында, Иракта канча акча табылса да, ал өлкөнүн ичинде калат жана кыйраган экономиканы калыбына келтирүү иштери үчүн жумшалат. Ошол эле учурда өлкөнүн музейлери, китепканалары жана башка имараттары тонолуп кеткени да белгилүү жана андай карактоо иштерине америкалык айрым аскерлер да катышканы тууралуу маалыматтар бар. Акыркы күндөрдө алты америкалык жоокер камакка алынды, алар бардыгы болуп 900 миң долларга жакын акча катып алган.

XS
SM
MD
LG