Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Депутат Борбордук Азиядагы экологиялык кырдаал боюнча эл аралык конференция өткөрүүнү сунуш кылды


БИШКЕК. 2003-жылдын август айында Бишкекте Борбордук Азиядагы экологиялык кырдаалга байланыштуу эл аралык деңгээлде конференция өткөрүүнү Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Турдакун Усубалиев президент Аскар Акаевге сунуш кылды. Депутаттын маалыматы боюнча, Кыргызстандын аймагында 35 радиоактивдүү уу калдыктары жана зыяндуу тоо таштандылары сакталган жерлер бар. Алардын ээлеген аянты 6,5 миң гектарга жакын, эң негизгилери жана коркунучтуулары Майлысуу, Миңкуш, Кажысай жана Сумсар-Шекафтарда жайгашкан. Депутат конференцияда радиоактивдүү уран калдыктарынын бир эле Кыргызстан эмес, бүтүндөй Борбордук Азиянын экологиясына келтирип турган коркунучун четтетүү, ичер суунун булагы болгон мөңгүлөрдү сактоо, Ысыккөлдү коргоо сыяктуу маселелерди талкуулоону сунуш кылууда. Бул тууралуу «АКИ-пресс» агенттиги жума соңунда кабарлады.

XS
SM
MD
LG