Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:41

Д.РАМСФЕЛД: АКШ ООГАНСТАН МЕНЕН ИРАКТА ДЕМОКРАТИЯ ЖАНА ТУРУКТУУЛУК ОРНОГОНЧО ТУРАТ


Ооганстанда талиптер менен “аль-каидачыларга” каршы жүргүзүлүп келген аскерий операциялар аяктаганы жөнүндө жакынкы аралыкта расмий түрдө жарыяланышы мүмкүн. АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд жекшембиге күнгө белгиленген визити учурунда ооган бийликтери менен ушул маселени талкууламак. Бирок Вашингтондон Ооганстан жана Перси булуңундагы өлкөлөр боюнча иш сапарга аттанган АКШнын коргоо министри учагы Ирландиянын аба майданына конгондо байкалган техникалык проблемалардан улам Кабулга белгиленген иш сапарын кийинкиге калтырды.

Белгилүү болгондой, АКШнын чет өлкөлөрдөгү аскерлеринен Ирактагы жана Ооганстандагы топтору аскерий операцияларга түздөн-түз тартылган. Ооганстанга америкалык аскерлер киргенине 1,5 жылдан ашып калды. Бул жерде коопсуздукту сактоо үчүн турган чет элдик аскерлердин жалпы саны 11,5 миңге жетет. Бирок аскерий операциянын расмий түрдө жыйынтыкталышы менен эле алар дароо ошол өлкөлөрдөн чыгарылат дегенди туюндурбайт. Коргоо министри Доналд Рамсфелддин соңку билдирүүсүнө караганда, маселен, америкалык аскерлер Ооганстанда жана Иракта аталган мамлекеттер демократияга багыт алып, стабилдүү өкмөткө ээ болмоюнча турат:

- Бул маселе, биз такай айтып келгендей, экөөсүнө тең: Ооганстанга да, Иракка да тиешелүү. Биз бул өлкөлөрдүн, алардын элинин алдында милдеттүү экенибизди сезебиз жана эл аралык коомчулук менен бирге ал өлкөлөрдүн турган турумунан бара жаткан багытын көздөй, репрессиялык жана авторитардык системадан демократиялуу жана өкүлчүлүктүү делген системага өтүшүнө жардам берүү үчүн ошол жакта калып, иштөөгө ниеттенип жатабыз.

Д. Рамсфелд түшкөн учак май куюу үчүн Ирландиянын аба майданына конгондон кийин, анын техникалык проблемалары байкалды, ал жерде алты саатча токтоого туура келген соң, Рамсфелддин Ооганстанга жасалчу жекшемби күнкү иш сапары кийинкиге калтырылды.

Рамсфелд Перси булуңундагы иш сапарын Бириккен Араб Эмираттарынан баштады. Коопсуздук жүйөлөрүнөн улам АКШ коргоо министринин Перси булуңундагы өлкөлөрдүн кайсынысында качан болору, Иракка барар-барбасы күн мурунтан айтылган жок. Ал өз визити учурунда чөлкөмдөгү араб өлкөлөрүнө Саддам Хусейндин режимин кулатуудагы колдоосу үчүн Вашингтондун ыраазычылыгын билдирмекчи.

Кабулга болсо АКШнын коргоо министри алдыдагы аптанын соңунда келээри күтүлүүдө. Дональд Рамсфелд Ооганстанда болгон учурунда Талибан режими бийликтен кулатылгандан кийин да талиптер менен «ал-кайидачылардын» калдыктарына каршы жүргүзүлүп келген аскерий операциялар аяктаганын расмий түрдө жарыялоо маселесин президент Хамид Карзай менен талкууламак.

Албетте, Ооганстанда азырынча коопсуздук жагдайы ойдогудай деп айтыш кыйын. Муну ооган бийликтери да моюнга алат. Апта соңунда эле өлкөнүн чыгышындагы Пактия провинциясында талиптердин жыйырмадай согушкери менен болгон атышууларда бир америкалык жоокер мерт болуп, бешөөсү жаракат алды. Анткен менен тараптар аскерий операцияларды расмий түрдө жыйынтыктоого ниеттенүүдө. Вашингтондун пикиринде, эми ооган экономикасын калыбына келтирүү ишине көбүрөөк көңүл бура турган учур келди.

Коргоо министри Дональд Рамсфелддин айтымында, аскерий операциялар аяктагынын жарыялоо - калыбына келтирүү иштеринин тездешине, жардам берүүчү уюмдар ооган провинцияларында активдүү иштей башташына жол ачат. Мунун аралагында, Ооганстандын мурдагы падышасы Мохаммед Захир-шах өкмөттүн сунушу менен өлкөнүн Конституциясынын соңку долбоорунун үстүндө иштөөчү комиссияны дайындады. 35 адамдан турган жаңы комиссия мүчөлөрүнүн жетөөсү - аялдар. Конституцияны оогандардын жалпы улуттук жыйыны - Лоя Жирга быйыл октябрь айында өтүүчү отурумунда бекитээри белгиленген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG