Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

КЫРГЫЗСТАНДА АКЫЛ ЭМГЕГИНИН АКЫБЕТИ КАЙТАБЫ?


Эгерде өнүккөн өлкөлөрдө акыл эмгегинин мөмөсү аны ойлоп тапкан адамдын менчиги саналып, ээсине кызмат кылып келатканына көп убакыт болсо, Кыргызстанда «интеллектуалдык менчикти коргоо» деген түшүнүк акыркы 7-8 жылда гана калыптана баштады. Билим алып жаткан жаштардын да баш оорусу «Кыргызстанда акыл эмгеги адамга бакыт алып келеби?» деген маселе. Анткени, кыргызстандык ойлоп табуучулар, окумуштуулар жана акын-жазуучулар акыл эмгегинин өкүлдөрү катары бааланып, бардар жашашына дагы көп убакыт талап кылынчудай.

Кыргызстан эгемендик алганы бирөөнүн акылын уурдап, анын акыбетин өзүнүкүндөй көргөндөрдүн ити чөп жей баштаган. Бирөөнүн жазган ырын же обонун «меники» деп жарыялап, жанын баккандар пайда болгон. Өнөр жайында да, кустарлык өндүрүштө да бирөөлөрдүн жакшы идеясын көчүрүп алып, товар чыгарган шылуундардын жаңы мууну чыккан. Мындайларга Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин түзүлгөнү чекеге чыккан чыйкандай эле иш болду. «Меники-сеники» деп соттошуп жүргөндөрдүн аягы тыйылды. Анткени, ар бир окумуштуу, ойлоп табуучу жана акын-жазуучу өз эмгегин интеллектуалдык менчик катары каттата баштады.

2001-жылдан бери дүйнөдө 26-апрель Интеллектуалдык менчикти коргоонун эл аралык күнү болуп белгиленип келатат. Бишкектеги Тарых музейинде 25-апрелде өткөн, интеллектуалдык менчикти коргоого арналган жыйында акыл эмгегинин ысык-суугуна күйүп-бышып келаткан кыргызстандык 3 окумуштуунун кадыры көтөрүлүп, көңүлдөрү ачылды. Академик Үсөн Асановго, окумуштуулар Зина Ашубаевага жана Элнура Кудайбергеновага мыкты ойлоп табуучулар катары Интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча эл аралык уюмдун алтын медалы тапшырылды. Медалдан тышкары ар бирине 800 АКШ доллары өлчөмүндө сыйлык берилди. Жыйында сөз сүйлөгөн академик Мирсаид Миррахимов «окумуштуулардын кадырынын минтип көтөрүлүп жатканы жаштарды илимге жакындатууда жакшы мисал болуп калат» деп белгиледи.

Академик Үсөн Асанов «Совет бийлигинин тушунда «менчик» деген сөздү абайлап айтчубуз, андыктан акылың өзүңдүкү болгону менен, анын мөмөсү мамлекеттики болчу» дейт:

- Ыраматылык Совет мезгили тушунда «менчик, меники» деген сөздү өтө абайлап колдончубуз. Анткени ал өтө чатак сөз болоор эле. Мурунку доордо илим жаатында иштеп, «СССРдин ойлоп табуучусу» баштаган алдыңкы сыйлыктардын баарын алганыбыз менен акылдан жаралган менчигибизге келгенде 25 рубль, ашып кетсе 300 рубль менен чектелип, ошого каниет кылып отуруп калчубуз. Ошондон улам Советтер Союзунун тушунда ойлоп табуучулардын арасынан бир да миллионер чыккан эмес. Азыр болсо заман башка, мүмкүнчүлүк кенен.

Аталган үч окумуштуунун эмгектерин Интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча эл аралык уюмдун сыйлыгына Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик көрсөткөн. Анын деректири Роман Оморов “26-апрелдин Интеллектуалдыкты менчикти коргоо күнү катары Кыргызстанда да белгиленип жатышы жакшы жышаана болду, себеби акыл эмгеги бааланбаса мамлекетте эч качан өнүгүү болбойт” дейт:

- Ойлоп табуучулар жаңы идеяларды иштеп чыгып, авторлор жаңы чыгармаларын жаратпаса, биз эч качан алдыга жылбайбыз. Ошондуктан интеллектуалдык менчикти коргоо ишине дүйнөдө өтө чоң маани беришет. Чындыгында, адамзаттын өнүгүү тарыхы ойлоп табуучулардын, чыгармачыл адамдардын эмгектери менен тыгыз байланыштуу. Кубандырганы – кыргызстандык ойлоп табуучулардын, окумуштуулардын эмгектерине дүйнөдө кызыгуу болуп атканы. Алсак, биздин медицина, химия жана машина куруу тармактарынын деңгээли өтө жогору. Академик Мирсаид Миррахимовдун мектеби дүйнөдөгү күчтүү мектептердин бири болуп эсептелет. Анын жүрөктүн ооруларын аныктоо боюнча, жүрөккө операция жасоодогу жаңы ыкмалары кызыгуу пайда кылып келатат.

Оморовдун айтымында, Кыргызстанда интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча мыйзамдык база түзүлдү. Бул багытта 12 мыйзам кабыл алынып, республика эл аралык 20 келишимге кол койду. Агенттик түзүлгөн 10 жылдан бери ойлоп табуучулардын, окумуштуулардын жана акын-жазуучулардын 1800дөй арызы кабыл алынып, алардын автордук укугу бышыкталды. Мындан тышкары, 30 миңден ашуун товардык белгилер катталды.

Агенттик соңку жылдары Совет бийлигиникиндей камкордукка бөлөнбөй, чүнчүй түшүшкөн акын-жазуучулардын чыгармаларын каттоого алып, аларга аз да болсо калем акы төлөп келатат. “Саамалык” аттуу рубриканын алдында жаш акын-жазуучулардын тырмак алды чыгармаларын китеп кылып чыгарууда.

Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун айтымында, таанымал жазуучулардын чет мамлекеттерде чыккан китептеринин дайнын тактап, чыгармаларды сурап-билип туруу иштерин азыр Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча агенттик аткарып келатат:

- Болбосо жазуучу-акындар чет өлкөлөрдө китептери чыгып жатканынан деле кабар алалбай калат экен. Авторлор капысынан ал мамлекеттерге барып калса гана айрым учурларда калем акысын алып калат экен. Бербесе - жок. Ушул иштерди агенттик колуна алды. Четте чыккан китептердин калем акысына деле ыраазы элек. Ойлогонум, тарыхый романдарым менен түрк тилдүү мамлекеттердин окурмандары таанышса, кыргыз элинин тарыхын, руханий дүйнөсүн билсе деген эле ой.
XS
SM
MD
LG