Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:36

Жордж Буш Кытай өлкөсүнүн башчысы Ху Цзинтаого ыраазычылыгын билдирди


АКШнын президенти Жордж Буш Кытай эл республикасынын башчысы Ху Цзинтаого Түндүк Кореянын өзөктүк куралдарды чыгаруу программасын токтотууга байланыштуу талаш-тартышты жөнгө салууга кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Телефон аркылуу жүргөн мындай пикирлешүү учурунда Жорж Буш Түндүк Кореяга байланыштуу маселе тынчтык жол менен чечилишин жактай тургандыгын кошумчалады. Ошондой эле ал Түндүк Кореяга байланыштуу маселени жөнгө салуу максатында, өткөн аптада Пекинде өткөн жолугушууну “талаш-тартышты жөнгө салуудагы жакшы кадам” деп баалады. Кытайдын ортомчулугу менен өткөн ал сүйлөшүүгө АКШ, Кытай жана Кореянын өкүлдөрү катышышкан. Ушул эле маселе бүгүн Пхеньяндагы Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын жогорку бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусунда талкууланды.

XS
SM
MD
LG