Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:04

Тайвандын борбор калаасында адаттан тыш өпкө оорусунан алгачкы бир адам набыт болду


Бүгүн эртең менен Тайвандын борбор калаасында адаттан тыш өпкө оорусунан 56 жаштагы бир адам набыт болду. Бул тууралуу өлкөнүн Салматтыкты сактоо министрлиги кабарлады. Ушул эле күнү Кытайда да бул илдеттен 9 адам каза болгондугу кабарланды. Ал эми Филлипиндин Саламаттыкты сактоо катчысы Мануэл Дайриттин айтымында, аталган өлкөдө да айыкпас дартка чалдыккан төрт жаран катталды:

-Бүгүнкү күнгө чейин адаттан тыш өпкө оорусуна чалдыккан төрт учур катталды. Аныктап келгенде, үч жаран тыштан жугузуп, бир жаран өзүнөн өзү ооруган. Алардын экө каза болду.

Бүнкү күнгө чейин Кытайда мындай жугуштуу дарттан каза болгондордун саны 122 адамга жетти. Ага чейин Канаданын Торонто шаарында 18 адам көз жумгандыгы кабарланган. Жалпысынан буга чейин дүйнө жүзү боюнча бул кооптуу илдеттен 290 адам каза болду. Ал эми Кытайда мындай дабаасыз дартка чалдыккандардын саны 2700дөн ашты. Азырынча дүйнө окумуштуулары мындай дарттан сакайтуунун жолун табыша элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG