Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:36

АКШнын Коргоо министри Доналд Рамсфелддин Перси булуңуна иш сапары башталды


Бүгүн АКШнын Коргоо министри Доналд Рамсфелд Бириккен Араб Эмиратына иш сапары менен келди. Сапарга чыгаар алдында ал Перси булуңундагы союздаш өлкөлөр менен Ирактагы согуштан кийинки кырдаалды талкуулай тургандыгын билдирди. Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн учурунда региондогу америкалык аскердик базаларга байланыштуу маселе да козголушу ыктымал. Пентагондун башчысы Бириккен Араб Эмиратына пландаштырылгандан бир нече саат кечигип келди. Анкени ал түшкөн учак техникалык себептерден улам Ирландияга конууга аргасыз болду. Ошондуктан Доналд Расмфелдин Ооганстанга боло турган иш сапары ушул аптанын соңуна жылдырылды.
АКШ Европа менен АКШда жашап, эмгектенген ирактык жарандарды Ирактагы жаңы бийлик системасын түзүүгө катышууга чакырууда.
АКШнын Коргоо министринин орун басары Пол Вулфовицтин айтымында, учурда 150 жакын Ирактыктар өз мекенине барууга маакулдугун беришти. Ал эми АКШнын Ирактагы жогорку аскерий чиндеги өкүлү Барбара Бодайндын бүгүн билдирүүсүнө караганда, учурда Багдаддын инфраструктурасын калыбына келтирүү максатында жергиликтүү тургундардан атайын топ түзүлдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG