Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:02

АЗЫРКЫ КЫРГЫЗ ЭСТРАДАСЫНЫН АБАЛЫ КАНДАЙ?


Бүгүнкү «Талант тагдыры» түрмөгүбүздүн меймандары - эстрада ырчыларынын эл аралык фестивалдарынын, сынактарынын бир нече жолку лауреаты, республиканын эмгек сиңирген артисти Гүлнур Сатылганова жана эстрада ырчыларынын республикалык, эл аралык фестивалдарынын, сыйлыктарынын көп жолку жеңүүчүсү Жылдыз Осмоналиева.

- Урматтуу айымдар! Бүгүнкү баардашуубуз азыркы кыргыз эстрадасынын ал-абалы жөнүндө. Акыркы кезде бүгүнкү кыргыз эстрадасынын ырчылары, сиздердин тил менен айтканда, «жылдыздары» жөнүндө басма сөз беттеринде, угуучулардын арасында ар кандай кеп-келечтер айтылып келет. Алсак, микрофон кармап, сахнага чыккандын баарысы - таланттуу професионалдары деле, музыкалык билими жок сабатсыздары, талантсыздары деле, айымдары, мырзалары деле - «жылдыз» аталып кетишти. Ал эми күн өткөн сайын кой деген кожонун жоктугунан ар бир айылдан «мен эстраданын жылдызымын» деген, музыкалык билими, ырдоо тажрыйбасы жок ырчы сөрөйлөр жазгы жамгырдан кийинки козу карындай жамырап чыгууда. Алардын аттары бар, заттары жок. Гүлнур айым, билимдүү, тажрыйбалуу, чыныгы таланттуу эстрада ырчысы катары ушуга жеке оюңуз?

ГҮЛНУР САТЫЛГАНОВА:
- Чындыгында акыркы кезде заманданбы, же «ай-уй» деген жетекчилердин жоктугунанбы, айтор «түнкатар түнтай эл экен, түтүнүнө ырчы экен» дегендей ар бир айылдан чыккан «жапайы» ырчылар өтө көбөйүп кетти. Образдуу тил менен айтканда азыр таш ыргытсаң эле ырчынын башына тийет. Бизде эки багытта ырдаган, иштеген эстрада ырчылары бар. Биринчиси - жалаң эле акча табууну көздөгөн шоу-бизнестеги коммерциялык ырчылар, экинчиси - бүтүндөй өмүрүн улуттук эстраданын өнүгүшүнө арнаган чыныгы профессионал ырчылар. Биздин эстраданын кадыр-баркын кетирип, аттуу-баштуу эстрада ырчыларынын ысымдарына көлөккө түшүрүшүп, оозуна келген, колуна тийген ырларды ырдашып, акчанын аркасынан сая түшкөн коммерциялык ырчылар бар. Алар сапаттары начар, жеңил-желпи программаларды даярдай коюшат. Алардын обондорунун, сөздөрүнүн аттары бар, тарбиялык мааниси жок. Аткаруучуларынын чеберчилиги өтө төмөн, эч бир сынды көтөрө албайт. Ушундай программалары менен гастролдорго чыгышып, угуучулардын жан-дүйнөсүн тазартуу, агартуу үчүн эмес, эптеп акча табуунун, жан багуунун аракети менен алектенишүүдө. Анан кантип эстрадабыз оңолсун? Мен өзүм болсо бир ырдын үстүндө көпкө чейин иштейм. Качан гана бышып жетилгенде сахнага алып чыгам. Эң негизгиси - ырдай турган ырларыңдын обону, сөзү жакшы болушу керек. Ачык айтканда обону да, сөзү да бири-бирине куюлушуп, угуучуларга ырахат, асылдануу бериши зарыл.

Мен 15 жылдан бери сахнада ырдап келем. Өзүмдү эч качан «жылдызмын, кыйынмын» деп эсептебейм. Мен жакшы ырдап жүрөмбү, жаман ырдап атамбы - эл деген өзү таразалап, баалап алат. Ал эми болор-болбос ырларды аткарып коюп эле «жылдыз» болуп чыга келгендерге таң калам. Алардын өздөрү да, аткаргандары да түбөлүктүү эмес, бир күндүк деп эсептейм. Бирок, азыркы күндө ошондой ырчы, обончу сөрөйлөрдүн күнү тууп турганына таң калам. Дагы бир айта кетүүчү маселе - бүгүнкү эстрадага баш баккан жаш эстрада ырчыларында элдик ырларды, Атайдын, Мусанын ырларын бузуп ырдоо өнөкөткө айланып барат. Бул дагы жаман көрүнүш. Элдик ырларды, залкар шайырлардын чыгармаларын экилентип-оштонтуп ырдоо - автордук укукту бузгандык деп эсептейм.

ЖЫЛДЫЗ ОСМОНАЛИЕВА:
- Эмне үчүн Гүлнур айткандай эстрада жанрынын өсүшүндө, ырчыларынын арасында баш-аламандык өкүм сүрүп атат? Биринчиден, бул Билим берүү жана маданият министрлигинин жетекчилери таптакыр көңүл бөлбөгөндүктѳн, көзөмөлдүн жоктугунан улам келип чыгууда деп ойлойм. Мисалы, мен 1988-89-жылдары жаңыдан сахнага чыгып, ырдай баштаганымда ар бир концерттик мекемелердин алдындагы көркөм кеңештин мүчөлөрү «Бул кыздын музыкалык билими бар бекен? Үнү кандай экен?» дешип, атайын угушуп, жаккандан кийин сахнага ырдап чыгууга уруксат беришээр эле. Ал эми кыргыз радиосунун «Алтын казынасына» жаздырыш үчүн талап өтө күчтүү эле. Радионун алдында залкар музыканттар А.Жумакматов, К.Молдобасанов, Д.Жалгасынова жана башкалардан турган чоң көркөм кеңеш бар эле. Алар чечим чыгаргандан кийин гана ырдаган ырларыбыз «Алтын фондуга» кабыл алынчу, эфирден берилчү. Азыр анын бири жок. Мен барам, редактор менен сүйлөшөм, жаман ырдаймбы, жакшы ырдаймбы - акча төлөсөм болду. Эртеси эфирден ырдай баштайм. Менин оюмча мындай көрүнүштөргө жол бербешибиз керек. Ар бир ырдаган ырыбыз - биздин тарыхыбыз, руханий жан-дүйнөбүз. Ошондуктан, ар бир ырдаган ырыбыз улутубуздун жүзү болуш керек. Акыркы кезде Атай Огонбаевдин, Бектемир Эгинчиевдин ырларын жана элдик ырларды бузуп ырдоочулар көбөйө баштады. Андай ырчыларыбызга айтар элем, «мунуңар Атай, Бектемир аталарыбыздын арбактарына, көнөөрбөс мурастарына кол көтөрүү» деп. Эстрада ырчыларынын арасында компьютердин жардамы менен жасалган, чала сабат музыкант сөрөйлөрдүн эң бир жайдак, маңызсыз аранжирлештирилген (аспапка салынган) обондорун ырдоо модага айланды. Ал эми боордош Казакстанда чабал ырдагандарга эбак эле жол жабылган. Тартиптин, көзөмөлдүн жоктугунан «Кыргызстан обондору» радиосу саны бар, сапаты жок ырлардын уюгуна айланганына таң калам.

- Угуучулардын арасында «азыркы эстрада ырчыларынын репертуарлары начар, обонду, сөздү тандаганды билишпейт. Алар колдоруна тийген обондорду ырдай беришет, тарбиялык маанисине көңүл бөлүшпөйт» деген кептер көптөн бери байма-бай айтылып келет.

ГҮЛНУР САТЫЛГАНОВА:
- Бизде, биринчиден, автордук, аткаруучулук укуктар ойдогудай корголбой келет. Себеби, көпчүлүк ырчылар ырдаган ырынын обону, сөзү кимдики экенин билишпейт. «Ырдайт деген ушул экен» деп эле ырдай беришет. Аткарып аткан чыгармасынын обонуна, сөздөрүнүн маңызына түшүнүшпөйт. Мына ушундай кемчиликтердин кесепетинен начар обондуу ырлар сахналарда байма-бай ырдалып келатат. Жанагы жеңил-желпи ырлардын туткунунда калгандар обончу, акын менен иштешпейт жана иштешкилери да келбейт. 1970-80-жылдарда, биз бала кезде, саналуу гана ырчыларыбыз бар эле. Алардын ар бири угуучулардын жан-дүйнөсүн таап ырдашчу. Себеби ал кезде тартип күчтүү эле. Чыгармачылыкка өзгөчө көңүл бөлүнчү. Азыр болсо бизде тартип да, көзөмөл да, чыгармачыларды кабыл ала турган көркөм кеңеш да жок. Ошондуктан бизде ырчылар да, обончулар да, «өзүн өзү билген, өтүгүн төргө илгендер да» көп. Ачык айтканда, кандай гана болбосун акча табуу болуп калды. «Пулуң болсоң кулуңмун» дегендей, биздин ырчыларга сапат эмес, пул болсо болду. Ошондуктан андайларга үндүн да, аткаруучулук чеберчиликтин да кереги жок.

ЖЫЛДЫЗ ОСМОНАЛИЕВА:
- Үнү жок, обондору, «Мен сүйөм, сен келбейсиң. Өлүп баратам» деген шекилдүү, сөздөрү начар ырлар, чеберчилиги төмөн ырчылар Кыргыз телерадиокорпорациясына уялап алышкан. Себеби алардын акчасы бар. Ал эми КТРга сапат, чеберчилик дегендин кереги жок. Акчаң болсо каалагандай тартыласың, ырдайсың, рекламаңды бересиң. Кээ бирөөлөрүнүн атасы, энеси, агасы бай же демөөрчүсү бар. Ошондуктан экран да, сахна да, атак да, даңк да аныкы. Менин оюмча, тартип болмоюнча башыбыз бапан, аягыбыз сапан боло бермекчибиз.

ГҮЛНУР САТЫЛГАНОВА:
- Мен курбум Жылдыздын айткандарына толук кошулам жана колдойм. Мен композиторлор, обончулар, кала берсе акындар менен тыгыз чыгармачылыкта иштешем. Музыканттарга аранжировкасына, ал турсун тигил же бул авторго калем акысын, студияга төлөп, кайра-кайра угуп, жакпаса кайра жаздырам. Айрымдар ойлойт, «жаттап алып ырдап койгондун кандай кыйынчылыгы бар» деп. Ар бир ишти күн тынымыңды, түн уйкуңду үч бөлө эмгектенбесең берекети болбойт. Баса, акыркы кездерде айрым шылуун ырчылар Жылдыздын, менин атымды «концертке катышат» деп биздин уруксатыбызсыз жарыяга беришет. Бул көз көрүнөѳ биздин атыбызды саткандык деп ойлойм. Ошентип, аткаруучулук укугубуз эч ким тарабынан корголбой келатат.

- Көпчүлүк эстрада ырчыларында табигый үн жок, эптеп-септеп эле фонограмманын күчү менен «ырчы-жылдыз» аталып жүрүшөт, эмне үчүн жандуу ырдашпайт? Жылдыз айым, сиздин оюңуз?

ЖЫЛДЫЗ ОСМОНАЛИЕВА:
- Биринчиден, жеңил-желпи ырларды аткарган ырчыларда үн, аткаруучулук чеберчилик жок. Ачык айтканда, акча табуунун амалы. Менимче андай чабал ырчыларыбыз эптеп эле угуучуларды алдап, бекер акча табуунун кыныгына баткандар.

- Кандай шарт түзүлгөндө кыргыздын эстрада ырчылары дүйнөлүк эстрада ырчылары менен ат салыша алат?

ЖЫЛДЫЗ ОСМОНАЛИЕВА:
- Мен эл аралык, чет өлкөлөрдө өткөн фестивалдарга, сынактарга барганда биз менен жердештерибиз да барып калышат. Ошондо уялбагандан өзүң уяласың. Репертуарларынын сапаты жок, өздөрү саксайган, үндөрү жок. Ырдаган ырларынын аранжировкалары чабал, жайдак. Эптеп эле 500 сомго музыкалаштыра салган супсак ырларды аткарышат. Эми андай ырчыларыбыздын аттарын атабай эле коеюн. Ал эми казак, өзбек ырчыларынын алдында уялганыбызды айтпа. Менимче кыргыздын атын, арнамысын булгадык деп ойлойм.

- Гүлнур айым, сиз кандай дейсиз?

ГҮЛНУР САТЫЛГАНОВА:
- Кептин ачыгын айтсам, Билим берүү жана маданият министрлиги тарабынан бизге колдоо көрсөтүлбөйт. Ошондуктан бүгүнкү күнгө чейин өз арабабызды өзүбүз айдап келебиз. Эл аралык фестивалдарга катышыш үчүн демөөрчүлөрдү өзүбүз табабыз. Барбаган жерибиз, кирбеген эшигибиз калбайт. Эмне үчүн? Себеби, кыргыздын туусун көтөрүп, кыргыздын намысын алып келсек деген аракетте бутубуз үзүлгөнчө чуркайбыз. Акыбетибиз кайтса ушунчалык кубанычтын кучагына батабыз. Ал эми Өзбекстандын, Казакстандын ырчылары эл аралык фестивалдарга, сынактарга барышканда 5-6 киши менен келишет. Бирөөсү продюсери, бирөөсү макияжын жасаган стилисти, демөрчүлөрү коштоп, ырчысын алдейлеп жүрүшөт. А биз болсок жетим баладай жалдырап барып, бечера кейпин кийип келебиз. Билим берүү жана маданият министрлиги тарабынан эч кандай жардам болгон эмес, болбойт дагы деп ойлойм. Анан кантип кыргыздын эстрада ырчылары дүйнөлүк ысымдагы жылдыздар менен ат салыша алат? Эгерде кыргыздын намысын дүйнөлүк аренада коргогубуз келсе, бир адамдай жапа тармак иштешибиз керек. Ошондо гана кыргыз эстрадасы дүйнөлүк угуучулардын ынтаасына татымакчы.
XS
SM
MD
LG