Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:01

Жалалабад облусунун 238 тургуну Акыйкатчынын облустагы өкүлчүлүгүнө жана укук коргоо уюмдарына кайрылышты


ЖАЛАЛАБАД. Акыйкатчынын облустагы өкүлү менен укук коргоочуларга бүгүн кайрылган облус борборундагы жарандар пенсияларынын, жөлөк пулдарынын жана эмгек акыларынын төмөндүгүнө нааразы. Кайрылууда алар азык-түлүктүн, электр энергиясынын баасы, социалдык тейлөө кызматтарынын акылары улам кымбаттап бараткандыгын, 15%дан 5%га дейре көбөйгөн пенсия жашоо талабына дал келбей тургандыгын билдиришкен. Алар, «маяна менен социалдык төлөм жана электр энергия акыларын өкмөт, ал эми азык–түлүк баасын базар аныктай тургандыгы» жөнүндөгү Жалалабад шаар акимчилигинин өткөн айдагы жообу менен макул эместигин белгилешти. Кайрылуу ээлери алардын укуктарын колдоп берүүнү Акыйкатчынын өкүлүнөн өтүнүштү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG