Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:59

Өнүгүү программаларынын натыйжасы иликтенүүдө


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Борбордук Азияда ишке ашырылып жаткан жергиликтүү, республикалык, эл аралык өнүгүү программаларына байкоо салуу жана баалоо» аттуу регионалдык конференция өз ишин баштады. Эки күнгө созула турган конференция Улуу Британиядагы ИНТРАК» аттуу бейөкмөт уюмдун окутуу жана иликтөө борборунун эл аралык программасынын алкагында өткөрүлүүдө. Конференцияда тажрыйба алмашуу жана натыйжаларды талдоо максаты коюлууда. Анткени, Борбордук Азия мамлекеттериндеги бейөкмөт уюмдар менен 9 жылдан бери кызматташып келаткан ИНТРАК уюму «бул өлкөлөрдөгү бейөкмөт уюмдар өздөрүн коомдун өз алдынча иш алып баруучу бөлүгү катары сезе албайт» деген бүтүмгө келген. Ушундан улам бул уюм, Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлигинин колдоосу астында, бейөкмөт уюмдардын мүмкүнчүлүгү менен көз карандысыздыгын камсыз кылуучу программа иштеп чыккан. Конференцияда ошол программанын алкагында мындан ары кызматташуунун жолдору да талкууланат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG