Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Майдын башында Ошто эл аралык экономикалык форум болот


БИШКЕК. 6-майда Ош шаарында «Борбордук Азиядагы кызматташуу: Экономикалык интеграция жараянын тереңдетүү» аттуу эл аралык деңгээлдеги экономикалык форум болот. Ага Борбордук Азия мамлекеттеринен вице-премьер-министрлер жетектеген 20 кишиден турган делегация, АКШнын финансы министринин орун басары Жон Тейлор, эл аралык финансы уюмдарынын, Орусиянын, Англиянын делегациялары катышат. Кыргызстандан форумга президенттин катышуусу күтүлөт. Форумдун максаты - Борбордук Азия мамлекеттеринин улуттук экономикаларын интеграциялоо жана алардын биргелешип дүйнөлүк рынокко чыгышынын жолдорун издөө, бул мамлекеттердин экспорттук мүмкүнчүлүгү жана инвестициялык муктаждыгы жөнүндө маалымат алуу болуп саналат. Форумдун алкагында 5 «тегерек стол» өткөрүлүп, аларда энергетиканы, сууну жана табият байлыктарын биргелешип пайдалануу, транспорт, ишкерлик жана агрардык рынок түзүү маселелери талкууланат. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында форумду уюштуруу тобунун мүчөсү Бахтияр Фаттахов билдирди.

XS
SM
MD
LG