Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:25

Бишкекте курулушка арналган эл аралык көргөзмө ачылды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Курулуш-Бишкек-Билд-2003» аттуу биринчи эл аралык көргөзмө ачылды. Көргөзмөнү «ИТЕКА» аттуу чет элдик компания Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жана Бишкек шаарынын 125 жылдыгына арнап уюштурду. Ал «Курулуш жана интерьер, жылытуу жана шамалдатуу» деген аталыш менен өтүп, ага 5 мамлекеттин 30дан ашуун компаниялары катышууда. Көргөзмөнү ачкан премьер-министр Николай Танаевдин айтымында, азыр Кыргызстанда 1,5 миңдей курулуш ишканалары иштеп, анда 25 миңден ашуун адам эмгектенет. Ал эми Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасы Анвар Турсуновдун айтымында, быйыл курулушка 100 миллион доллар инвестиция салынаары күтүлүүдө. Анын 90% - мамлекеттин каражатынан тышкаркы инвестициялар. Ага «Сол жээктеги Талдыбулак» алтын кенин иштетүүчү жай, Ысыкөлдүн жээгиндеги «Тамчы» аба майданы жана Бишкектеги «Ататүрк-Манас» университетинин курулушу сыяктуу ири объектилер бүткөрүлөт. Ал эми расмий каттоодон чет элдик инвестиция менен иштөөчү 70 курулуш ишканасы өткөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG