Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:35

Өзгөн районунда суу ташкыны күч алууда


ОШ. Жыланды айыл өкмөтүнө караштуу 54 үйдү нугунан ашкан Зергер дарыясы каптап, алардын ичинен 4 үй көчүп түшкөн. Үйүнөн ажырагандар, үйлөрүн суу каптагандар чатырларда, мектепте күн кечирип атышат. Аталган кыштакчада жашаган 79 кожолук толугу менен ушул эле айыл өкмөтүнүн Прогресс кыштагынын жанына көчүрүлө турган болду. Алар үчүн 13 гектар жер бөлүнүшү күтүлүүдө. Кызылтуу айыл өкмөтүнө караштуу Кызылтуу, Эркинтоо кыштактарын байланыштырган көпүрөнү да суу алып кетти. Өзгөн району боюнча 256 үй-бүлөнүн көчүрүлүшү зарыл деп эсептелип атат, алардын 48и Жалпакташ айыл өкмөтүндө, 79у Жыланды айыл өкмөтүнүн Жазы, Дупител кыштакчаларында, калгандары Зергер, Ийрисуу, Кызылтуу айыл өкмөттөрүндө турат. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев Өзгөн районундагы кырсык баскан жерлерде болду.

XS
SM
MD
LG