Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:21

Дүйшөмбүдөгү саммиттер соңуна чыкты


БИШКЕК. Дүйшөмбү шаарында өткөн Евразия Экономикалык Шериктештиги жана Коллективдүү Коопсуздук Келишим уюмдарынын саммиттери соңуна чыкты. Бул тууралуу маалымат бүгүн Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинен алынды. Маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, Евразия Экономикалык Шериктештигинин алкагында өткөн саммитте бул уюмдун ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттар аныкталды. Тараптар Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирүү, баңгизаттарды мыйзамсыз ташууга каршы күрөшүү, эркин соода аймагын түзүү, бажы тармагында кызматташуу маселелерин талкуулашты. Уюмдун Мамлекет аралык кеңешинин төрагалыгына Нурсултан Назарбаев шайланып, Арменияга байкоочу деген статус берилди. Ал эми Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмунун алкагындагы саммитте бул уюмдун бирдиктүү штабын түзүү жана ылдам аракеттенүүчү күчтөрүн бекемдөө боюнча чечим кабыл алынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG