Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:22

Ооганстандын экономикасы келерки эки жылда10 процентке өсүшү мүмкүн


Ооганстандын экономикасы келерки 2 жылда орточо эсеп менен 10 проценттен көпкө өсүшү мүмкүн деп эсептейт Азия өнүгүү банкы.
Баш кеңсеси Манилада жайгашкан банктын билдиришинче, Ооганстандын экономикасынын өсүшү тыш өлкөлөрдүн колдоосуна жана өлкөдөгү коопсуздуктун абалына жараша болот.
Билдирүүдө Ирак чатагы жана анын кесепетинен улам Ооганстанды демөөрлөө кыскарып кетиши мүмкүн деп белгиленет.
Азия өнүгүү банкынын эсебине караганда, өткөн 2002-жылы Ооганстандын ички дүң продукциясы 4,4 миллиард долларды түзгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG