Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:26

Израилдик аскерлер палестиналык эки согушчанды кармашты


Израилдик аскерлер Батыш Иордандын Наблус шаарына кирип, кыска убакка созулган аткылашуудан кийин палестиналык эки согушчанды камакка алышты. Аткылашууда израилдик эки жоокер жарадар болду.
Камакка алынган Амир Токан менен Алам Каби өткөн жумада Израилде болгон жанкечтинин чабуулуна жооптуу деп шектелүүдө.
Токан палестин лидери Ясир Арфаттын Фатах кыймылы менен кызматташ “ал-Акса өлүм бригадасынын” жергиликтүү бөлүмүнүн, Каби болсо Палестина эркиндик майданынын аскерий канатынын башчысы.
Бул эки уюм өткөн бейшемби жана жекшемби күндөрү израилдиктерге каршы болгон чабуулдар үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG