Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Вьетнамда өнөгөсүз өпкө оорусу көзөмөлгө алынды


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдиришинче, өнөгөсүз өпкө илдети - САРС азыр Канада, Сингапур, Гонконг жана Вьетнамда өтө күчөп турган чак.
Бирок, эл аралык уюмдун жугуштуу ооруулар боюнча башчысы Дэвид Хейманн Бангкокто билдиргенге караганда, Вьетнам коркунучтуу илдетти жайылтпай көзөмөлгө алган биринчи өлкө жана соңку 20 күндө белгисиз вирус жуккан адамдар Вьетнамда катталган эмес.
Вьетнамда өнөгөсүз өпкө илдетинен буга дейре 5 адам жан берген.

САРСтын вирусу өткөн жылы алгач Кытайда катталып, кийин 20дан көп өлкөгө таркаган.

Кытай маалымат каражаттарынын билдиришинче, САРС вирусу жукту деген шектенүү менен дарылап-текшерүүгө алынган адамдардын саны 8 миңге жакын болот жана САРС вирусунан өлкөдө 139 адам өлгөн.

Канадада бул илдеттен өлгөн адамдардын саны 21ге жетти.

Дүйнөдө коркунучтуу дарттан 340ка жакын адам өлдү жана 5 миңден көп адамга САРС вирусу жукту деп катталган . Алардын көпчүлүгү - азиялыктар.

Азия өнүгүү банкынын эсеби боюнча, өнөгөсүз өпкө илдети Азия өлкөлөрүнүн экономикасына үстүбүздөгү жылда 0,2 процент чыгым алып келиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG