Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:13

АКШда Иракта узак мөөнөт турчу аскерий база куруу планы жок


АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелддин билдиришинче, Кошмо Штаттарында Иракта узак мөөнөт турчу аскерий база куруу планы жок.
Рамсфелддин арабдардын “Ал Жазиира” телевидениесине Катарда берген интервьюда айтышынча, АКШлык күчтөр Иракта канча зарыл болсо, ошончо убакыт турушат жана аскерлер азыр ирактыктардын өз өкмөтүн эркин тандоосуна ылайыктуу шарт түзүүгө жардамдашып, элге гуманитардык жардам көрсөтүүдө.
Перс булуңундагы өлкөлөрдү кыдырып жүргөн Рамсфелд Катарга кечээ күнү Бириккен Араб Эмиратынан келген.
Рамсфелд жана Ирактагы согуштук операциянын командачысы, АКШ генерал Франкс кечээ эмирликтин жетекчилери менен кездешкенден кийин Кошмо Штаттарынын күчтөрү Перс булуңунда дагы узак жылдары кала берерин жарыя кылышкан.

XS
SM
MD
LG