Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Ирактын жаңы өкмөтүн куруу маселесин ирактык өкүлдөр талкуулашты


Ирак жамааттарынын эки жүзгө жакын өкүлү Багдадда жолугушуп, өлкөнүн болочок өкмөтүн куруу маселесин талкуулашты.
Жыйын согуштан кийинки Ирактын америкалык администратору болуп дайындалган Ж. Гарнердин жетекчилиги астында өттү. Анын айтымында Ирактын жаңы өкмөтүнө өлкөдөгү бардык социалдык топтордун өкүлдөрү кириши шарт.

- Менин жана менин (британиялык) орун басарым, генерал Тим Кросстун буерде болуубуздун себеби: Иракта демократиялык өкмөттү курууну баштоого ылайыктуу жагдайды түзүүгө байланыштуу. (Болочок) өкмөткө бардык элдердин, бардык региондордун, бардык уруулардын, бардык этностордун, бардык диндердин өкүлдөрү кирет. Бул процесстин жүрүшүндө эл өзү каалаган өкмөттү эркин шайлоого мүмкүндүк алат.

Талкууга Ирак улуттук конгрессинен Ахмад Чалаби, Иранда жайгашкан ирактык шииттердин топторунун жана Ирактагы ислам ынкылабынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү дагы башка адамдар катышты.

XS
SM
MD
LG