Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

ИРАК: ӨТКӨӨЛ ӨКМӨТТҮ ТҮЗҮҮ ЖААТЫНДАГЫ СҮЙЛӨШҮҮЛӨР


Ирактын америкалык убактылуу администрациясынын башчысы Жей Гарнер өлкөнүн болочок өкмөтүн түзүү аракеттерин улантууда. Дүйшөмбү күнү ал Багдадда Ирактын саясий, коомдук жана диний ишмерлеринин жоон тобу менен кайрадан жыйын өткөрдү. Бирок азырынча сүйлөшүүлөрдүн алгачкы айлампалары гана өтүп жатат. Тараптар өкмөт түзүү жаатында кандайдыр бир конкреттүү макулдашууларга жетише элек.

Саддам Хусейнден кийинки Ирактын келечеги боюнча сүйлөшүүлөрдү АКШ режим бийликтен кулатылганга чейин эле баштаган болчу. Саддамга оппозицияда турган саясий топтордун башын кошкон жыйындар өткөрүлүп, америкалык расмий өкүлдөр алар менен бир нече ирэт жолуккан. Ал турсун Кошмо Штаттар Ирактын Улуттук Конгресси өңдүү айрым оппозициялык топторго каржы жагынан жардам берип туруучу. Мурда жогорудагыдай жыйындар чет жерде уюштурулуп келсе, Саддам бийликтен кулатылгандан кийин алар өлкө ичинде өтө баштады. Ирактын саясий топтору да буга чейин АКШда, Британияда, Иранда жайгашкан кеңселерин Багдадды көздөй көчүрүүдө. Маселен, мурда бир гана "Баас" партиясы өмүр сүрүп келген Иракта акыркы үч аптанын ичинде эле 40тан ашуун саясий партиялар менен топтор пайда болгон. Учурда ачык иштөөгө мүмкүнчүлүк алып жаткан саясий топтор Багдаддан өз кеңселерине ээ боло баштады. Ээлик кылып жаткан имараттарына аларды бөлүштүрүп жаткан америкалык аскерлер менен макулдашпай эле кирип алгандары да бар. Айтор, Ирактын өлкөнү башкаруу жараянына катышкысы келген көп сандагы саясий топторунун алдында эми бийликти бөлүштүрүү маселесинде мунасага жетүү милдети турат. Бул жараянга жетекчилик кылып жаткан АКШнын көз карашында, болчок өкмөттө өлкөдөгү баардык диний жана улуттук тайпалардын өкүлдөрү камтылышы керек. Албетте, Ирактагы саясий топтордун баарынын эле көз карашы АКШныкы менен шайкеш чыгып жаткан жери жок. Маселен,жергиликтүү шийиттердин Ирак Ислам Революциялык Кеңеши деген ири уюму америкалык убактылуу администрациянын зарылдыгы жок деп эсептейт. Ирактыктар өз лидерин гана өлкө лидери катары көргүсү келген уюмдардан да куру эмес. Саддам Хусейндин режими кулатылгандан кийинки алгачкы сүйлөшүүлөргө 80 дей саясатчы келген эле. Андагы жыйынга өзүлөрүн Ирактагы бийликтин толук кандуу катышуучусу катары көргөн саясий топтордун баары келген эмес. Ал эми ушул дүйшөмбүдөгү жыйынга саясий, коомдук жана дин ишмерлеринин эки жүздөйү чогулду. Америкалык убактылуу администрациянын башчысы Жей Гарнер жыйынды ачып жатып, алардын максаты - Иракта демократиялык негизде өкүлчүлүктүү өкмөт түзүлүшүнө жетишүү экенин кайрадан белгиледи:

- Менин жана жардамчым генерал Тим Гросстун бул жерде турушунун башкы себеби – бизге баардык адамдардын, диндердин, уруулардын, улуттардын өкүлдөрү камтылган демократиялык өкмөт куруу жараянын баштоого жол ача турган чөйрө түзүү. Бул жараяндын башталышы менен биз өкүлдөрү калк тарабынан эркин шайланган өкмөткө ээ боло алабыз.

Ал ирактык лидерлер менен сүйлөшүп өткөрүп жаткан кезде бир нече жүз адам Багдадда демонстрация өткөрүп, демонстранттар Жей Гарнер чогулткан топко Нажаф шаарынын дин ишмерлери жетиштүү деңгээлде камтылбай калганына нааразылык билдирди.

Учурда сүйлөшүүлөрдүн алгачкы айлампалары гана өтүүдө. Жолугушуунун үчүнчү айлампасы келерки аптага белгиленди. Азырынча Ирактын болчоктогу бийлиги кандай болоруна байланыштуу жалпы мүнөздөгү гана сөздөр айтылып жатат, тараптар Саддамдан кийинки бийликти бөлүштүрүү маселеси боюнча кандайдыр бир конкреттүү макулдашууларга келе элек. Иракта федералдык система орноп, демократиялык негизде өкүлчүлүктүү өкмөт түзүү зарылдыгын Ирак топтору жекшемби күнү өз алдынча Мадридде өткөргөн жыйынында да белгилешти. Испаниянын башкаласындагы кеңешмеге Ирактын Улуттук Конгресси деген уюмдун, коммунисттердин, күрд жана шийит уюмдарынын четте жашаган өкүлдөрү катышкан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG