Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Дүйшөмбү калаасында Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн жыйыны соңуна чыкты


Анда Орусия, Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан, Беларустун жана Армениянын лидерлери тез аракеттенүүчү аймактык күчтөрдүн биргелешкен аскерий жетекчилигин түзүүгө макулдашышты.
"Биргелешкен жетекчилик баңги аткезчилигине жана терроризмге каршы күрөштү жакшыртууга өбөлгө болот" деп билдирди Орусиянын президенти Владимир Путин. Путиндин сөзүнө ылайык, Орусия Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген калган төрт өлкөгө курал-жаракты өзү сатып алган баада сунуш кылмакчы. Жыйындын катышуучулары мурда Орусиянын Коопсуздук Кеңешин жетектеген Николай Бордюжаны уюмдун баш катчылыгына бекитишти. Ал эми Путин Коллективдүү коопсуздук кеңешинин төрагалыгын Тажикстандын президенти Эмомали Рахмоновго өткөрүп берди.
Коллективдүү Коопсуздук Келишимине 1992-жылы кол коюлган.

XS
SM
MD
LG