Линктер

шейшемби, 28-март, 2017 Бишкек убактысы 22:01

Ферхольштадт: Европалык коопсуздук сүйлөшүүсү НАТОго же АКШга каршы багытталбайт


Брюсселде бүгүн өтө турган жыйында европалык өлкөлөр ортосундагы коопсуздук кызматташтыгын күч алдыруу каралат. "Мындай кызматташттык тескерисинче НАТОну бекемдөөгө огожо болот", - деп билдирди Белгиянын өкмөт башчысы Ферхольштадт.
Анын аралыгында НАТОнун европалык баш командачысы, америкалык генерал Жим Жонс НАТОнун Европадагы күчтөрүн азайтууга чакырды. 19 өлкө мүчө болгон НАТОнун бүгүн 2 миллион 300 миң аскери бар. Генерал Жонс "Кошмо Штаттары Африкадагы күчтөрүн көбөйтүп, баңги аткезчилиги, террористтик машыгуу жайлары жана бейстабилдүүлүк менен күрөшүүгө артыкчылык бериши керек" деди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG