Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:04

АБАЙЛАГЫЛА, SARS! (ӨНӨГӨСҮЗ ӨПКӨ ООРУСУ ДЕГЕН ЭМНЕ?)


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Өткөн жылдын ноябрь айында алгачкы кишилерди курмандыкка чалган бул коркунучтуу оору жарым жылдан ашык убакыттан бери миңдеген кишилерге жугуп, жүздөгөн адамдардын өмүрүн алып кетти. Кытайдын түштүк чыгышындагы Гуандуң провинциясынан чыккан оору тез аранын ичинде жер шарынын дээрлик бардык континенттерине тарап кетти. Буга чейинки иликтөөлөр ооруга чалдыккан адамдардын 4төн 11 пайызга чейинки бөлүгү өлүмгө дуушар боло турганын көрсөтүүдө. Дартка даба табыла элек, ошон үчүн азырынча анын алдын алуу - илдеттен сактануунун жалгыз жолу болуп кала берүүдө.

Өнөгөсүз өпкө оорусу деген эмне?

Дарыгерлер ооруну "Дем алуу органдарынын сейрек кездешүүчү синдрому", “Өпкөдөн кагынуунун курч сидрому” деп атап жүрүшөт. Синдром деген сөз менен илдет адатта анын себеби анчейин айкын болбой, оору жөнүндөгү түшүнүк клиникалык белгилер боюнча гана сүрөттөлүп, түшүндүрүлгөн учурларда аталат. Өнөгөсүз өпкө оорусунда да анын кайдан келип чыккандыгы, ага эмне себеп болгондугу белгисиз бойдон кала берүүдө. Ошон үчүн дарыгерлер илдет жөнүндө эмес, сасык тумоо, ангина, пневмония жана жөп-жөнөкөй суук тийүү ооруларына саал окшоп кеткен синдром жөнүндө сөз кылып жатышат.

Өнөгөсүз өпкө оорусуна же вирустук пневмонияга эмне себеп болот?

Азырынча бул суроого бир эле жооп бар. Окумуштуулар ооруга өпкөнүн буга чейин белгисиз болгон вирусу себеп болуп жатканын айтышат. Дарыгерлер ал вируска "корона вирусу" деген ат коюшкан. Дарыгердик практикада “корона вирусу” буга дейре эч жерде жолуккан эмес. Илдеттин "өнөгөсүз (адаттан тышкаркы) өпкө оорусу" деген ат менен аталып калышы да ошону менен түшүндүрүлөт.

Илдеттин кайдан келип чыкканы жөнүндө, азырынча, так маалымат жок. Айрым окумуштуулар анын келип чыгышын адам менен айбанаттын чектелген мейкиндикте жуурулушуп, жуук жашашы менен байланаштырышып, вирус адамга айбанаттардан жуккан болушу ыктымал, деп божомолдошот. Болгону, адам баласынын организмине кирген вирус мутацияланып, башкача айтканда, түспөлү менен маңызын өзгөртүп, айбанатта жашаган түрүнө караганда, алда канча коркунучтуу болуп калган болушу мүмкүн.

Чындыгында эле өнөгөсүз өпкө оорусунун симптомдору сасык тумоо менен пневмонияныкына өтө окшош. Ага чалдыккан кишилер жөтөлүп, дем алуусу кыйындап, эти ысып, денесинин температурасы 38 даражадан ашат. Тамагы жуткурбай ооруп, бүткүл тулку-боюнун булчуңдары жанчылып калган сымак ооруйт. Андай белгилер пайда болгон оорулуу адамдар үй-бүлөлүк дарыгер менен телефон аркылуу тезинен байланышып, доктурга көрүнүүгө тийиш. Оору адамга дем алуу аркылуу жугат, ошон үчүн дарыгерлер “ооруга туш болдум го” деп шек санаган кишилерге медициналык мекемеге барбастан, адегенде, дарыгерди үйгө чакыргыла деген сунушту айтууда. Анткени поликлиникага же дарыгердин кабинетине келүү менен алар ооруну башкаларга жугузуу коркунучун күчөтөт.

Оору абадан тышкары кол беришип учурашуу, чогуу тамактануу, ажатканалар жана мончолор сыяктуу жерлерди чогуу пайдалануу аркылуу, ошондой эле эл көп топтолгон коомдук жайларда, мисалы, жыйналыш, конференциялар өткөн имараттарда, вокзалдар менен аэропорттордо жугат. “Корона вирусунун инкубациялык убактысы болжолу менен 10 күндү түзөт. Ошон үчүн оору кеңири жайылып бараткан чөлкөмдөрдө, айрыкча, Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүндө жана илдет өтө тездик менен жайылып бараткан Канадада болуп кайткан кишилер 10 чакты күн бою ден соолугуна кылдаттык менен байкоо жүргүзүп, оорунун белгилери пайда болоор замат дарыгерге кайрылуулары абзел. Оорунун жайылуусуна бөгөт койуу үчүн бир топ өлкөлөрдө кеселге чалдыкканы шектелген адамдар ошол замат карантинге алынууда.

Оорунун алгачкы очогу болгон Кытайда коркунучтуу илдетке бир нече миң киши дуушар болуп, жүздөгөн кишилер каза тапты. Өпкөнүн вирустук оорусу Канадада дагы тездик менен жайылып баратканын айта кетүү абзел. Ошон үчүн жакында Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму дүйнө жарандарына Кытайга жана Канадага пландаштырылган сапарларын, анчейин зарыл сапар болбогон учурда, кийинкиге калтырууга кеңеш берди.

Өнөгөсүз өпкө оорусунун вирусун так аныктай алчу препараттар азырынча өтө чектелүү болгондуктан, көптөгөн жерлерде ооруну грипп вирусу же андан башка ооруларга мүнөздүү бактериялар бар же жок экенин иликтеп чыгуу жолу менен аныктап жатышат.

Оорунун келип чыгышы, анын себеби жана ага каршы даба табыла элек болгондуктан, дарыгерлер азыр илдетти өтүшүп кетүүдөн сактап, убактылуу эм болуучу дарыларды колдонуу менен чектелүүгө мажбур.

Оорулуу адамдын жакындары жана аны дарылап жаткан адистер башка оорулар жана адамдар менен катнашууну чектөөгө тийиш. Алар атайын халаттар менен бир жолку мээлейлерди пайдаланып, беттерине атайын беткеп менен көз айнектерди тагынып жүрүүсү талапка ылайык.
Оору адам жаткан бөлмөнү маал-маалы менен жууп-тазалап, оорунун үкөкчөсү менен керебетин суу чүпүрөк менен сүртүп туруу абзел. Ошондой эле оору жаткан бөлмөдөгү эшик-терезелердин туткасын жана бүткүл бөлмөнү вирусту өлтүрчү же жансыздандыра алчу химиялык препараттар менен дезинфекциялап туруш керек.

Оорунун тездик менен жайылып баратышы дүйнө коомчулугунун үрөйүн учурду. Медиктер болсо өнөгөсүз илдетке каршы дабааны тез арада табууга далбастап жатышат. Оорунун вирусун изилдеп жаткан дүйнөнүн эң алдыңкы лабораториялары вирусту башка кеңири маалым болгон илдеттердин вирустары менен салыштырып, ага каршы дабаа табууга аракеттенип жатышат.

Маалымат каражаттарында "вирусту бирөөлөр атайылап биологиялык курал катары чыгарган болушу ыктымал" деген пикир да орун алды. Маскөөдөгү Сеченов атындагы медакадемиянын Инфекциялык Оорулар кафедрасынын башчысы, Орусиянын Илимдер Академиясынын мүчө корреспонденти Сергей Пак мындай божомолдорду "негизсиз" деп эсептебейт. Ошондой болсо да окумуштуу жана биз айтып кеткен "оору жаныбарлардан мутацияланып отуруп, адамга жукан болушу ыктымал" деген божомолду колдойт.

Пактын пикиринде, мындай “биологиялык куралды" табийгат адам баласынын жардамысыз эле чыгарганга кудуреттүү. Мисал катары окумуштуу ХХ кылымдын башында пайда болгон "испанка" сасык тумоосун келтирген. 20 миллион кишинин өмүрүн алып кеткен грипптин вирусу мутацияланып отуруп, айбанаттардан адамга жуккан. Адам баласынын организми бул вирус менен күрөшкөнгө ошол кезде таптакыр кудуретсиз болуп чыккан. Бирок жылдар өткөндөн кийин жан алгыч ооруга каршы коллективдүү иммунитет иштелип чыгып, бара-бара адамдын организми вирусту өлтүрө алчу заттарды иштеп чыгууну үйрөнгөн.

Сергей Пак өнөгөсүз өпкө оорусун, аны пайда кылган “корона вирусун” да ошондой эле тагдыр күтүп турганын айтат. Бара-бара адамдын организми ооруга каршы күрөшкөндү үйрөнүп, медиктер ойлоп тапкан дарылар өз жемишин бере баштайт. "Дүрбөлөң салган илдет адам баласына белгилүү илдеттердин тизмегинен өзүнө тийешелүү ордун табат", - дейт окумуштуу. Ага чейин бул жугуштуу оору "испанка" сасык тумоосуна окшоп, миллиондогон адамдардын өмүрүн алып кетпесе эле болду, деп тилейли.

XS
SM
MD
LG