Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:20

ИРАКТЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ ИЮНДА ТҮЗҮЛӨТ


Нарын АЙЫП, Прага http://gdb.rferl.org/D09EF47C-F0D1-44C8-9E32-C0C75BAFD2FA_w203.jpg --> http://gdb.rferl.org/D09EF47C-F0D1-44C8-9E32-C0C75BAFD2FA_mw800_mh600.jpg 28-апрелде Багдад шаарында Ирак кошуундарынын жана америкалык аскерий жетекчилердин конференциясы болуп, анын катышуучулары өлкө келечегин талкуулады. Эмки конференция төрт аптадан кийин өткөрүлөт жана анда Ирактын убактылуу өкмөтү түзүлөөрү күтүлүүдө.

Багдаддагы конференция алгач ишемби күнгө белгиленген, бирок ар башка себептерден улам кийинкиге калтырылып, дүйшөмбү күнү өткөрүлдү. Ага эки жүз элүүдөй адам катышты, бирок кээ бир белгилүү уюмдардын жетекчилери жыйынга өздөрү келбестен, өз өкүлдөрүн гана жиберген. Конференцияда Ирактын убактылуу америкалык башкаруучусу Жей Гарнер чыгып сүйлөп, бул жолугушуу Ирактагы демократиянын башталышы деп жарыялады:

- Жоопкерчилик өтө жогору, мындан миңдеген жыл мурда адамзат цивилизациясын баштагандар ишти бизге өткөрүп берди жана биздин жоопкерчилигибиз бүгүн - демократия жаратуу. Менин жана менин орун басарым генерал Тим Кросстун бул жерге келгенибиздин себеби - Иракта демократиялык өкмөт түзүүгө шарт камсыз кылуу. Ал өкмөткө бардык элдердин, диндердин, уруулардын, улуттардын, адистиктердин өкүлдөрү кирип, алар жалпы элдин эркин шайлоосу аркылуу аныкталууга тийиш.

Америкалык президент Жорж Буштун Ирак боюнча атайын өкүлү Залмай Хализад конференциядан кийин тараткан маалыматка караганда, Ирактын жаңы убактылуу өкмөтү алты аптадан кийин, июнда түзүлүшү мүмкүн. АКШнын Мичиган штатында Ирактан келген мигранттар көп жашайт жана 28-апрелде президент Буш алар менен жолугуп, АКШ Иракка өз өкмөтүн таңуулоону көздөбөйт, анын бир гана максаты бар - ирактыктарга өз каалоосу менен демократиялык өкмөт шайлап алууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү жана алардын бардык укуктарын коргоо, - деп билдирди.

Ошол эле 28-апрелде америкалык аскерлердин колуна Ирактын мурдагы мунай министри Амер Мохаммад Рашид Убайди багынып берди. Aмерикалыктар издөө салган 55 Ирак жетечилеринин тизмесинде ал 47-орунга коюлган жана туткунга алынган жетекчилердин он төртүнчүсү болду. Анын аялы Рихаб Тиба Ирактын биологиялык курал программасынын башчысы болгон, бирок ал азырынча табыла элек. Убайдинин алдында америкалыктардын колуна генерал Хосан Мохаммад Амин да түшкөн, ал мурда Бириккен Улуттардын текшерүүчүлөрү менен кызматташуу үчүн жооп берип келген. Кармалган жетекчинин баары - Ирактын кеңири кыргын салуучу куралы мурда эле жок кылынганы тууралуу айтууда жана америкалыктар ал куралдын изин Иракта азырынча таба элек.

Мурда дайынсыз жоголгон америкалык солдаттардын акыркысынын сөөгү да 28-апрелде табылып, согушта курман болгон АКШ аскерлеринин саны 137-ге жетти, алардын бир канчасын коалициялык аскерлер өздөрү өлтүрүп алган, ал эми жыйырма үч адам ар башка кокустуктардан набыт болгон. Дагы 495 америкалык аскер согуш майданында жана 66 адам аскерий эмес аракеттер учурунда жарат алган.

Андан тышкары, 29-апрелде ачыкка чыккан маалымат боюнча, кошуна Сириянын аймагында кармалган америкалык аскерлер да бошотулду. Алар чалгындоо кызматынын жоокерлери болгон жана Сирияга качты деп шектелген Ирак жетекчилеринин изин кууп кошуна мамлекетке жиберилген, бирок кармалып, беш күн түткунда отурган. Канча адам кармалып жана алардын канчасы бошотулганы тууралуу так маалымат айтылбайт, бирок америкалык жетекчилик алар тууралуу мурда эч кабар берген эмес жана аларды дайынсыз жоголгон аскерлердин катарына да кошпогон.

Багдад музейлеринен каракталып кеткен кээ бир баалуу буюмдарды болсо эл кайрадан Ирактагы америкалык жетекчиликке кайтара баштады, азыр андай кайтарылган буюмдардын саны жүзгө жетти. Алардын арасында - мындан жети миң жыл мурда жасалган ваза, IX кылымда жаралган сүрөттөр жана башка асыл нуска буюмдар бар. Аларды кайтаргандар эч жаза тарткан жок.
XS
SM
MD
LG