Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:58

Европа Биримдигинин төрт өлкөсү коргонуу тармагындагы кызматташтыкты чыңдоону макулдашты


Франция, Германия, Бельгия, Люксембургдун лидерлеринин жыйыны Брюсселде өттү. Алардын аракети коргонуу чөйрөсүндө Европанын АКШдан көз карандылыгын азайтууга багытталган. Төрт өлкөнүн лидерлери Европадагы операциялар үчүн НАТО катышпаган көп улуттуу күчтөрдүн баш кеңсесин түзүү жөнүндө чечим кабыл алышты. Француз президенти Жак Ширак менен немец канцлери Герхард Шрөдердин самиттен соң билдиргенине караганда, Европанын коргонуу биримдигин чыңдоо - АКШ кирген НАТО уюмуна шек келтирбейт. Аталган төрт өлкө АКШ баштаган коалициянын Ирактагы согушуна каршы болгон. Ал эми Ирактагы операцияны колдогон, НАТОну Европа коопсуздугунун өзөгү деп санаган өлкөлөр - Британия, Италия, Испания, Нидерландиядан Бельгиядагы жыйындын дарегине сын айтылды.

XS
SM
MD
LG