Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:57

АКШ Сауд Аравиядан аскер–аба күчтөрүн чыгарууда


Кошмо штаттардын бүгүн Саудияда иш сапары менен болгон коргоо министри Доналд Рамсфелддин ырастаганына караганда, мындай кадам эки өлкөнүн ич-ара макулдашуусуна ылайык жасалууда. Рамсфелддин айтымында, эми Ирактагы согуштун аякташы менен жалпы эле Перси булуңунда АКШ аскерлеринин саны азайтылат. Д.Рамсфелд Саддам Хусейндин режминин өкүлдөрүнүн башпаанек табуусуна жардам берип жатканы үчүн Вашингтондун Сирияга карата айыптоолорун Саудияда да кайра кайталады. Бирок ал АКШ Сирияны коркутуп жатат деген кептерди төгүндөдү:

- Менимче, бизди Сирияны коркутуп жатат деп айтыш - жаңылыштык. Биз коркутуу иши менен алектенген жокпуз.

Ал эми АКШнын айыптоолорун өз тарабынан Сирия да четке каккан.

XS
SM
MD
LG