Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

БУУНУН АДАМ УКУКТАРЫ КОМИССИЯСЫНЫН ЖЫЛДЫК СЕССИЯСЫ СОҢУНА ЧЫКТЫ


Бакыт Аманбаев, Прага Өткөн аптанын соңунда Женевада Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комиссиясынын жылына бир жолу өткөрүлүүчү алты апталык сессиясы соңуна чыкты. Отурумдун катышуучулары аталган комиссиянын ишмердүүлүгүнө жана АКШ жана Европа Биримдиги сыяктуу өлкөлөр менен уюмдардын дарегине сын пикирлерин айтышты.

“Азаттык” үналгысынын кабарчысы Антуан Блуанын (Antoine Blua) айтымында, сессияда БУУнун Адам укуктары боюнча комиссиясы, айрыкча соңку жылы, дүйнө жүзүндөгү адам укуктары жаатында чеке жылытаарлык жумуш жасабагандыгы жөнүндө белгиленди. Сессияда чыгып сүйлөгөн Адам укуктары боюнча эл аралык Хельсинки Федерациясынын аткаруучу директору Аарон Родес, бир катар адам укуктары тебеленген фактыларды келтирүү менен, аталган комиссиянын жасаган ишине алымсынбай тургандыгын билдирди:

- Менин оюмча, адам укуктарын коргоочу катары, биз колдо бар бардык мүмкүнчүлүктөрдү толук колдонууга милдетүүбүз. Тилекке каршы, адам укуктары боюнча комиссия башкы максатынан оолактап, саясий маселелерди чечүүгө ыктап кеткендиги бизди өкүндүрөт. Биз комиссиянын жетекчилигинин көңүлүн мына ушуга бурууга аракет жасадык. Анткени алардын адам укуктарын сактоо принциптеринен тайбашы өтө маанилүү. Ошондуктан, комиссиянын ишмердүүлүгү жеке мени жана биздин уюмду капалантты. Ошондой болсо да, бул маселе келечекте жакшырат деген ойдомун.

Ушундай эле пикирди БУУнун Адам укуктары боюча жогорку комиссары Сергио Виера де Мелло да сессиянын жабылышында сүйлөгөн сөзүндө белгиледи.

Ал эми Америкадагы Human Rights Watch уюмунун Европа өлкөлөрү боюнча директору Лотте Лейхт “буга чейин адам укугу жаатында олуттуу ой пикирлерин айтып келген айрым өлкөлөр да үстүбүздөгү жылы адам укугунун корголушуна көңүл бурбай койду”, - деп, АКШ жана Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдү сынга алды.

Мына ушундай сын пикирди Аарон Родес да колдоду:

- Мунун баары Европа Биримдигинин жана АКШнын, - жадагалса, адам укуктары боюнча БУУнун комиссиясынын да, - башкы көңүлү дүйнөдөгү саясий маселерди чечүүгө бурулгандыгынан улам болду. Бул көйгөйлөрдү чечүүдө адам укуктарын коргогон уюмдардын позициясы катуу болушу керек.

Ал эми сессиянын жүрүшүндө комиссиянын алгылыктуу жасаган иши катары Европа Биримдигинин Түштүк Кореяга, АКШнын Беларуска жана Европа Биримдиги менен АКШнын Түркмөнстанга карата жасаган мамилеси аталды. Бул тууралуу Аарон Родес мындай деди:

- Адам укуктары комиссиясы Түркмөнстандагы абал тууралуу жакшы чечим кабыл алды. Бирок бул чечим мындан да катуураак болушу керек болчу жана чечимдин аткарылышы боюнча кандайдыр бир аракеттер белгиленген жок.

Ошентип, БУУнун адам укуктары боюча комиссиясынын жылдык отурумунда уюмдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар сын пикирлер көбүрөөк айтылды. Ал эми ушул аптанын соңунда Нью-Йоркто аталган комиссиянын мүчөлөрүн кайра шайлоо болот.

XS
SM
MD
LG