Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

АКШ элчилиги Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы саясий партияларга акчалай жардам берээри тууралуу маалыматты жокко чыгарды


БИШКЕК. «АКШ саясий партияларга же кыймылдарга колдоо көрсөтпөйт. АКШ демократиялык процесстерди гана колдойт». АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы ушундай билдирүү жасаганын бүгүн «АКИ-пресс» агенттиги жазып чыкты. Ал маалыматка караганда, АКШнын элчилигинин мындай түшүндүрмөсүнө Кыргызстандын Улуттук Гвардиясынын колбашчысы Абдыгул Чотбаевдин «Аргументы и факты в Кыргызстане» гезитинин №17 санына жарыяланган маеги себеп болгон. Андагы «Абдыгул Чотбаев: ядролук согушта жеңүүчүлөр болбойт» деген маегинде Улуттук Гвардиянын колбашчысы «…алар, тактап айтканда, «Арнамыс» партиясы, Америка небак берген акчаны акташ үчүн иштеп жатат. Муну элдин баары жакшы билет» деген пикирин айткан.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG