Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:34

«Акулак» акционердик коомунун башчысы кызматынан бошотулду


БИШКЕК. Нарындагы Каракече көмүр кенинде иш жүргүзгөн «Акулак» акционердик коомунун төрагасы Чыныбек Абдыкапаров акционерлердин жыйынында кызматынан бошотулду. Бул тууралуу маалымат бүгүн «Кыргызкөмүр» корпорациясынан алынды. Акционерлер коомдун төрагалыгына буга чейин мурдагы жетекчилик тарабынан кызматтан бошотулган Александр Кадацкийди шайлашты. Маалыматка караганда, «Акулак» акционердик коомунун ар кандай карыздарынын суммасы 100 млн. сомдон ашып, ал көмүр казып алуу ишин токтотуп койгон. Ишкананын бардык техникасы карыз алыш үчүн кепилдикке берилип, башка кожоюндарга өткөн. Александр Кадацкий мындай шартта жетекчилик кызматка келүү ал үчүн оңойго турбаганын айтууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG