Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:54

Өкмөт башчысы эркин гезитти сотко берди


БИШКЕК. Премьер-министр Николай Танаев «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Михаил Корсунскийди «Моя столица - новости» гезитине жарыяланган «Селейменин дарысы - сот» деген макаласы үчүн Бишкектин Ленин райондук сотуна берди. Мындай маалымат бүгүн аталган гезиттин редакциясынан алынды. Ал маалыматка караганда, өкмөт башчысы «макаланын автору адамдык абийир-беделиме шек келтирди» деп, автордун эки жарым миллион сом, «Моя столица» гезитинин уюштуруучусу 10 миллион сом, жалпы редакция 5 миллион сом айыппул тартышын талап кылды. Ал эми макала автору Михаил Корсунский бүгүн «Азаттык» радиосуна: «Макалада Танаев сотко арыз бергидей негиз жок. Мен анда 11 жыл ичинде пенсия чегерүү механизмин талдоого алып, Танаев биринчи вице-премьер, ошол эле учурда Социалдык фонддун көзөмөл кылуу кеңешинин төрагасы болуп турган кездеги иштер тууралуу гана жазгам», - деп билдирди. Бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Надыр Момунов да премьер-министрдин Михаил Корсунскийди жана гезитти сотко бергенин ырастады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG