Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:16

Кырсыктан жапа чеккендерге өкмөт бекер үй салып бермек болду


БИШКЕК. 20-апрелде Өзгөн районунун Каратарык айылында болгон жер көчкүдөн жапа чеккен жарандарга өкмөттүн эсебинен 13 үй бекер курулат. Бул тууралуу премьер-министр Николай Танаев бүгүнкү өкмөт жыйынында билдирди. Анын маалыматына караганда, өкмөт ал үйлөрдү 31-августка чейин куруп бүтүп, тургундарды жайгаштыруу милдетин алдыга коюуда. Андан тышкары, кырсыктан жапа чеккендерге акчалай ссуда берилет. Ал эми Өзгөн районунун суу ташкыны жүрүп жаткан аймагынан коопсуз жерге 200дөн ашуун үй-бүлө көчүрүлдү, дагы 500дөй кожолукту башка жерге көчүрүү зарылдыгы пайда болду. Николай Танаевдин айтымында, быйыл өлкө боюнча 360 көчкү жүрүп, 1000ден ашуун жерде кар көчкү болду жана 60тан ашуун ирригациялык курулуштар керектен чыкты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG